• English
  • Кыргызча
  • Русский
Автордук сый акыларды төлөө 2010-жылдын сентябрынан 2011-жылдын мартына жылдырылды
Жарыяланган күнү : 
21/09/2010

Мындай чечим Кыргызпатенттин Инспектордук бөлүмү тарабынан даярдалган маалымкаттын негизинде Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Коллегиясынын кезектеги отурумунда кабыл алынды.

Бүгүнкү күнгө чейин “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” КРнын мыйзамына ылайык автордук сый акылар жылына эки жолу – мартта жана сентябрда төлөнүп турчу. Бирок өткөн жылдардын тажрыйбасы март айындагы автордук сыйакылардын өлчөмү сентябрь айындагыга караганда көп экендигин көрсөтөт. Бул мартта чоң сумма топтоло тургандыгы менен түшүндүрүлөт, себеби мурунку жылдын аягында көпчүлүк төлөөчүлөр жылды жыйынтыктап жабышат жана топтолуп калган карыздарын жабышат, ал эми жайкы каникулдан кийин сентябрда жыйналган автордук сыйакылардын суммасы аз болот. Авторлордун көпчүлүгү гонорардын өлчөмү жөнүндө билишкен соң мартка чейин бир кыйла топтолуп калсын деген кыязда сентябрда сый акы алууга келишпейт.

Улуттук авторлорго автордук сыйакынын негизги бөлүгү алдыңкы телекомпаниялардан келип түшөт. Бирок, апрель окуяларынан кийин улуттук телеканал тарабынан финансылоо корголгон гана статьялар боюнча ачык болуп калды, ошондуктан автордук сыйакылардын чоң төлөөчүлөрү зарыл болгон сумманы төлөп бере албай калышты.

Ушул жагдайларды эске алуу менен Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Коллегиясы тарабынан Кыргызпатент менен мүлктүк укуктарды жамааттык башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө келишим түзгөн авторлорго сыйакы төлөөнү 2010-жылдын сентябрынан 2011-жылдын мартына жылдыруу тууралуу чечим кабыл алынды.