• Кыргызча
  • Русский
“Идеялардын, ойлоп табуулардын, инновациялардын көргөзмөсү IENA – 2010
Жарыяланган күнү : 
25/08/2010

2010-жылдын 28–31-октябрында Нюрнберг ш. (Германия) “Идеялардын, ойлоп табуулардын, инновациялардын көргөзмөсү IENA – 2010 кезектеги 62-Эл аралык көргөзмөсү болот (мындан ары – көргөзмө) (көргөзмөнүн расмий web-сайты: www.iena.de). Бул көргөзмө Европада өткөрүлүүчү эң эски жана кадыр-барктуу иш-чаралардын бири болуп эсептелип, анда соңку инновациялык жетишкендиктер көргөзүлөт. “Эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын Россиялык Үйү” Ассоциациясы россиялык делегациянын курамында ушул иш-чарага катышууга Кыргызстандын ойлоп табуучуларын жана новаторлорун чакырат.

Көргөзмөнүн жеңүүчүлөрү атайын сыйлыктар жана медалдар менен сыйланышат, бул илим сыйымдуу продуктуну мындан ары базарга чыгаруу үчүн маанилүү фактор болуп эсептелет. Өткөрүлгөн иш-чаранын жыйынтыктары боюнча атайын каталог чыгарылып ал өз ичине көргөзмөдө көрсөтүлгөн, интеллектуалдык менчик объектилери жөнүндөгү дүйнөлүк маалымат базаларынын бир бөлүгү болуп эсептелген иштелмелердин сыпаттамасын камтыйт.

Бул иш-чарага катышуу окумуштууларга жана ойлоп табуучуларга ата мекендик илим сыйымдуу технологияны көргөзүүгө мүмкүндүк берет жана кыйла келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт.

Алдыда боло турган көргөзмөдө бириккен россиянын экспозициясынын уюштуруучусу болуп “Эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын Россиялык Үйү” Ассоциациясы эсептелип, ал Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык колдоосу астында көргөзмөгө катышууга даярдыктын методикалык, маалыматтык жана уюштуруу-техникалык камсыз кылуу боюнча бүтүндөй иштердин комплексин жүргүзөт.

Уюштуруу иш-чараларын күн мурунтан жүзөгө ашыруу (көргөзмө аянттарына тапшырыктар, көргөзмөнүн каталогунда ойлоп табууларды каттоо, авиабилеттерди, мейманканаларды күн мурунтан сактатуу, визалык чакырууларды тариздөө) зарылдыгына байланыштуу көргөзмөгө катышууга өтүнмөнү кыска мөөнөттүн ичинде “Эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын Россиялык Үйү” Ассоциациясынын дарегине жөнөтүү керек.

Өтүнмөнүн үлгүсү тиркелет.

“Эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын Россиялык Үйү” Ассоциациясынын почтолук реквизиттери: 125009, Москва ш., Брюсов кыска көчөсү, 11-үй, офис 604 (Орлов Кирилл Андреевичке).

Уюштуруу комитетинин байланыш телефондору: 8(495) 721-64-19; 8(495) 629-38-73;
Факс: 8(495) 629-75-71; E-mail:

Кошумча матариалдарӨлчөмү
priglashenie_zayavka_iena-2010.doc140.5 KB