Жалал-Абад областынын эки айылдык мектебинин биринчи классынын окуучулары 1-сентябрга карата Кыргызпатенттен белектерди алышат. Ошентип, Президент Роза Отунбаеванын окуу жылынын башталышында айылдык мектептерге жардам берүүгө чакырыгына Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын жамааты биринчилердин катарында жооп беришти.
Ичинде мектептик жазууга керектелүүчү буюмдары жана биринчи класстардын окуу китеби – “Алиппеси” бар жаңы китеп салгыч баштыктарды алыскы Чаткал районундагы Жаналиев атындагы орто мектептин балдары, ошондой эле Аксы районунун Жергетал айылдык округунун Кызыл-Капчыгай айылынын окуучулары алышат. Алар үчүн жалпы суммасы 78 миң сомго бардыгы болуп 75 комплектилер сатылып алынды. Айылдык жаш жеткинчектерге арналган бул белектер өлкө башчысы Роза Отунбаеванын Жалал-Абад областы боюнча ишсапары учурунда тапшырылмакчы.
“Бүгүнкү күндө биздин кичинекей жарандарыбыз үчүн мындай жардам абдан маанилүү, – деп түшүндүрдү Президенттин бул демилгесин өкмөттүн пресс-кызматынын жетекчиси Роза Даудова. – Роза Исаковнанын чакырыгына бир топ мамлекеттик мекемелер жана жеке компаниялар жооп беришкендиги абдан кубандырат”.


