Кирнетте ойлоп табуучулар, новаторлор жана чыгармачыл коомдоштуктар үчүн арналган жаңы веб-ресурс пайда болду. Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондусу өзүнүн: www.fund.patent.kg аттуу сайтын ачты.
- Мамфонддун жеке маалыматтык ресурсун ачуу жөнүндөгү маселе эбак эле пайда болгон жана жыл башынан тартып биз бул долбоорду ишке ашырууга кириштик, – деп айтып берди аталган фонддун аткаруучу директору Зарина Оморова. – Биз чыгармачылыкка же ойлоп табуучулукка тигил же бул жагынан тиешеси бар адамдар аларды кызыктыруучу маалыматтарды таба ала турган ушундай сайтты түзүүгө аракеттендик. Сайттын максаты авторлорду, ойлоп табуучуларды, маданияттын жана искусствонун чыгармачыл ишмерлерин маалыматтык колдоо.
Андан тышкары, биздин маалымат чыгармачылыктын техникалык жана башка түрлөрүнө өсүп келе жаткан муунду тартуучуларга, ЖОЖдордун коомдоштуктарынын, атайын орто жана адистик-техникалык билим берүү системасынын өкүлдөрүнө жана көркөм чыгармачылык маселелерине жана инновацияларга кызыккандарга абдан пайдалуу жана кызыктуу болушу мүмкүн.
Мисалы, “Маалыматтык ресурстар” бөлүгүндө Кыргызстандын ойлоп табуучулары, жазуучулары, акындары, сүрөтчүлөрү жана композиторлору жөнүндө маалыматтар камтылган. Ушул эле жерде темалар боюнча жарыялоолордун жыйнактары жайгаштырылмакчы.
Инновациялык иштелмелерге кызыккандар болсо, алар жөнүндө Ойлоп табуулар банкынан билип алса болот. Бул жерде эң ар түрдүү тармактардагы ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге берилген кыргыз патенттеринин маалыматтык базасы берилген: мисалы, тиричилик-техникасы, курулуш, транспорт, текстиль, медицина ж.б.
Андан тышкары, ойлоп табуучуларга жардам иретинде инновациялык иштелмелерди базарга алып чыгуу боюнча, ошондой эле инновациялык жана чыгармачылык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн финансылык жардам берүүгөИМ Мамфондусуна өтүнмөнү кантип берүү керектиги жөнүндө сунуштарды чагылдырган атайын бөлүктөр бар.
Ушул эле жерде өткөн мезгил ичиндеги Мамфондунун ишмердиги жөнүндө жана жакын арага пландаштырылган иш-чаралар туурасында билүүгө болот. “Биздин басылмалар” бөлүгүндө ИМдин Мамфондусунун колдоосу астында чыгарылган ата мекендик авторлордун китептеринин тизмеси келтирилген.

