• English
  • Кыргызча
  • Русский
«Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы» аттуу семинар
Жарыяланган күнү : 
01/09/2010

27–29-августта Кыргызпатентте Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгуу боюнча семинар-тренинг болуп өттү. Ага Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору Зина Исабаева, статс-катчы Бакыт Кененбаев, директордун орунбасары Данияр Сыдыков, ведомствонун негизги бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын жана финансы полициясынын өкүлдөрү катышышты.

Үч күндүн ичинде семинардын катышуучулары тажрыйбалуу тренерлердин жетекчилиги менен Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгууда пайдаланыла турган стратегиялык пландоо ыкмаларын өздөштүрүштү.

“Социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө инновациялардын орду” жана “Стратегиялаштыруу мамлекеттик башкаруунун куралы катарында” аттуу темалар боюнча киришме баяндоолордун бет ачарларынан кийин катышуучулар топторго бөлүнүп алып “мээ чабуулу” түрүндө ишке киришишти. Жумушчу топтор стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүндө чечилүүгө тийиш болгон көйгөйлөрдүн чөйрөсүн аныкташып, Кыргызстандагы интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүнүн күчтүү жана чабал жактарын, мүмкүнчүлүктөрүн жана коркунучтуу жактарын талдап чыгышты, ИМ системасын өнүктүрүү стратегиясынын артыкчылыктарын жана негизги максаттарын, ошондой эле стратегияны ишке ашыруу боюнча конкреттүү чараларды аныкташты.

Топтордогу иштер таң эртеден кеч күүгүмгө чейин улантылып жатты. Муну менен “мээ чабуулунун” катышуучуларына коюлган милдеттерди ачык түшүнүү гана эмес, командада иштей билүү, ИМ чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү өзүнүн ведомствосунун өңүтүнөн гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн масштабында дагы көрө билүүгө жөндөмдүүлүк талаптары коюлду.

“Биз бул семинарды мекеменин адистерин такшалтуу үчүн гана эмес, ошондой эле ИМди өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгуу планында жамааттын алдында турган милдеттерди тереңирээк баамдоосу үчүн дагы уюштурдук, – деп белгиледи, жыйынтыктап жатып, Кыргызпатенттин директору Зина Исабаева. – Арийне бул ишке бүтүндөй жамаат толук кандуу жана түшүнүү менен катышкан шартта гана биз сапаттуу, реалдуу документти алып жана аны турмушка ашыра алмакпыз”.

Катышуучулардын өзүлөрүнүн таануусу боюнча, семинар алардын мындан аркы адистик өсүүсүнө жакшы түрткү берип, өздөрүнүн күчтүү жана чабал жактарын көрүүгө жардам берди.