• English
  • Кыргызча
  • Русский
Түркиянын Ойлоп табуучулар жана изилдөөчүлөр Ассоциациясынын жетекчиси менен болгон жолугушуу
Жарыяланган күнү : 
03/09/2010

Кыргызпатентте ведомствонун жетекчилигинин Түркиянын Ойлоп табуучулар жана изилдөөчүлөр Ассоциациясынын төрагасы Мустафа Коксал менен жолугушуусу болду. Ага директор Зина Исабаева, статс-катчы Бакыт Кененбаев, директордун орунбасары Данияр Сыдыков,Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Зарина Оморова жана ведомствонун структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Конокко учурашуу менен, Зина Исабаева түрк кесиптештер менен Кыргызпатенттин ортосунда жетишээрлик тыгыз байланыш орногондугун: туруктуу маалымат алмашуу жүрүп жаткандыгын, ал эми 2010-жылдын жазында Түркиянын мыкты патенттери үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү салтанатынын ардактуу конокторунун катарында Кыргызпатенттин делегациясы болуп кайткандыгын белгиледи.
Кыргызпатенттин башчысы ошондой эле, ведомствонун иштери, атап айтканда, бүгүнкү күндө ойлоп табуучуларга жана новаторлорго кандай колдоолор көрсөтүлүп жаткандыгы туурасында айтып берди. Бул, Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду тарабынан уюштурулуучу мыкты ойлоп табууларга жыл сайынкы сынактар, кыйла келечектүү иштелмелердин авторлоруна берилүүчү материалдык жардам, ошондой эле Кыргызстандын студенттерин жана мектеп окуучуларын инновациялык жана ойлоп табуучулук ишмердикке тартылып жатышы.
Ошол эле учурда Зина Исабаева белгилегендей, бүгүнкү күндө тилекке каршы, ата мекендик ойлоп табуучулардын өз Ассоциациясынын жок экендигин жана ушул жагынан албетте Түркиянын тажрыйбасы пайдалуу болмокчу.

Өз кезегинде Мустафа Коксал Ойлоп табуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн Ассоциациясынын калыптануу жана өнүгүү тарыхы, ал бүгүнкү күндө Түркиянын интеллектуалдык менчик системасында кандай роль ойной тургандыгы жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, Ассоциация тарабынан улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленип, алар өлкөдө ойлоп табуучулук жана изилдөөчүлүк ишмердикти активдештирүүгө, инновациялык иштелмелерге инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берген.
Конок, бүгүнкү күндө түрк бизнеси өзгөчө экологиялык таза айыл чарба продуктуларын өндүрүү жана кайра иштетүү сыяктуу, инновацияларга негизденген өндүрүштөрдү, ошондой эле чакан гидроэнергетиканы жана энергиянын альтернативдүү булактарын түзүүгө маанилүү каражаттарды инвестициялоого даяр экендигин белгиледи. Бул үчүн жалгыз шарт катарында Түркиянын ишкерлери инвестицияларды ишенимдүү коргоп берүүнү аташат.
Тараптар мындан аркы кызматташтык жана маалымат алмашып туруу жөнүндө, ошондой эле Түркиянын ойлоп табуучуларынын жана изилдөөчүлөрүнүн Ассоциациясы жана Кыргызпатентке караштуу ИМ Мамфондунун кыйла тыгыз өз ара аракеттери тууралуу макулдашышты.