2010-жылдын 19–23-июлунда Женевада, ИМБДУнун отурумдар залында интеллектуалдык менчик, генетикалык ресурстар, салттуу билимдер жана фольклор боюнча өкмөттөр аралык комитеттин Биринчи сесиялар аралык жумушчу тобунун (IWG 1) отуруму болуп өттү.
Ага дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүнөн эксперттер жана байкоочулар, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле салттуу билимдер жана генетикалык ресурстар боюнча, маданияттын салттуу көрүнүштөрү жана фольклор маселелери боюнча ИМБДУнун Бюросунун жетекчилери жана адистери катышышты. Бул жолугушууга Кыргызпатенттен Салттуу билимдерди жана селекциялык жетишкендиктерди эксперттөө секторунун башчысы Токтогул Азыков катышты.
Жумушчу тобунун кароосуна “Маданияттын салттуу көрүнүштөрү/фольклордун көрүнүштөрү” аттуу документ коюлду. Бул документ Өкмөттөр аралык Комитет тарабынан ийне-жибине чейин иштелип чыккан соң аны ИМБДУнун деңгээлинде ИМБДУнун мүчө-өлкөлөрү үчүн моделдик мыйзам же маданияттын салттуу көрүнүштөрүн/фольклордун көрүнүштөрүн коргоо жөнүндө Конвенция катарында кабыл алуу болжоштурулууда.
Жумушчу топтун катышуучулары төмөндөгүдөй маселелерди талкуулашты:
- документтин максаттары, анын жетектөөчү принциптери жана коргоо предмети (1-статья);
- бенефицарийлер/укуктарды башкаруу (2-; жана 4-статьялар);
- мыйзамсыз өзүмдүк кылып алуу актылары/чыгаруулар жана чектөөлөр (3, 5 жана 7-статьялар);
- коргоо терминдери/өтмө чаралар (6 жана 9-статьялар);
- санкциялар/ каражаттар жана укуктарды жүзөгө ашыруу (каражаттар жана укуктарды жүзөгө ашыруу (8-статья);
- IP коргоо жана коргоонун, сактоонун жана шыктандыруунун башка формалары менен мамиле (10-статья);
- эл аралык жана аймактык коргоо (11-статья).
IWG 1 пленардык сессиясында майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоодон кийин расмий эмес, байкоочулар үчүн ачылган топтордун отуруму болду, анын жүрүшүндө пленардык сессияларда чыгып сүйлөшкөн эксперттердин ар кандай пикирлерин мындан ары талкуулоо, алмашуу жана бириктирүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ушул сессиялардын жүрүшүндө айрым бир эксперттер документтин негизги долбооруна тиркеме катары кире турган статьялардын жаңы варианттарын кошумчалашты. Жумушчу топ документтин долбооруна “Маданияттын салттуу көрүнүштөрү/фольклордун көрүнүштөрү” аттуу текстте кездешүүчү негизги терминдердин Глоссарийин киргизүү зарылдыгын таанышты. Катчылыкка кошумча статьялардын бири же негизги документтин текстине тиркеме катарында Глоссарийди Комитеттин кийинки сессиясына даярдоо сунушталды.
IWG 1дин катышуучуларынын ортосундагы курч талаш-тартыштар коргоонун максаттары жана коргоонун предметтери, ошондой эле – бенефицарий болуп ким эсептелет жана маданияттын жана фольклордун салттуу көрүнүштөрүн башка чек арага жакын өлкөлөрдө кантип коргоо керек деген сыяктуу маселелердин тегерегинде кызыды.
Маданияттын жана фольклордун салттуу көрүнүштөрүн коргоо мөөнөттөрү жөнүндө маселени карап чыгууда жана талкуулоодо европа өлкөлөрүнүн айрым бир эксперттери негиз катары автордук укуктардын аналогиялары боюнча чыгармаларды коргоонун мөөнөттөрүн же бул көнүмүш болуп калгандай товардык белгилерди коргоодогудай алууну сунушташты. Өз кезегинде өнүккөн өлкөлөрдөн келген эксперттер маданияттын же фольклордун салттуу белгилери түрүндөгү коомдун, жергиликтүү элдин, же өлкөнүн мүлкү ошол коомдор, эл же өлкө жашап жаткан мезгилде коргоого алынып сакталышы керек экендигине басым жасашты.
Талаш-тартыштардын жүрүшүндө Кыргызстандын өкүлү тарабынан өлкөнүн илгертен бери жашап келе жаткан элинин муундан-муунга оозеки түрдө өтүп келе жаткан жана кыргыз элинин эпикалык маданиятынын улуу эстелиги болуп эсептелип, дүйнө элдеринин оозеки поэтикалык чыгармачылыгынын дүйнөлүк кенчине кирген “Манас” эпосу мисал катары келтирилди. “Манас” эпосу 1995-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун башкы Ассамблеясы тарабынан кыргыз тилинин жана адабиятынын булагы, маданий, адеп-ахлактык, тарыхый, кыргыз элинин социалдык жана диний салттарынын, мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын негизи катары таанылган. Андан тышкары анда медицина, курчап турган дүйнөнү коргоо, жайыттарды рационалдуу пайдалануу сыяктуу тармактарда салттуу билимдердин булактары камтылган.
