• Кыргызча
  • Русский
Каракчылык жол менен дисктерди чыгаруу боюнча жашыруун цех табылды
Жарыяланган күнү : 
03/08/2010

МФПКнын Кыргызпатент менен өз-ара аракеттенүү боюнча иш-чараларынын ведомстволор аралык планынын алкагында Мамлекеттик финансылык полиция кызматынын (КРнын МФПК) 1-башкармалыгынын 1-бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын 5-кичи районунда жайгашкан DVD, CD жана MP3 дисктеринде контрафактылык продуктуларды даярдап чыгаруу боюнча цехти таап чыгышты.

Бул туурасында Мамлекеттик финансылык полиция кызматынын төрагасы Эркин Булекбаев өзүнүн Кыргызпатенттин директору Зина Исабаеванын атына жазган расмий катында кабарлаган.
Бул кабарлоодо цехти тинтүүнүн жүрүшүндө 136 DVD ромдор, 11 процессорлор, 11 түстүү принтерлер, контрафактылык белгилери бар 3 599га жакын жазылып даярдалган дисктер табылган. Мындай цех бир күндө 10 000ге чейинки сандагы дисктерди даярдап чыгарып турган.

Алынган аудиовизуалдык продуктулар ылайыктуу корутундуларды чыгаруу үчүн Кыргызпатенттин Контрафактылык жана жасалма продуктуларды изилдөө жана эксперттөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилмекчи. Топтолгон документтер кылмыш ишин козгоо боюнча маселени чечүү үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.