• English
  • Кыргызча
  • Русский
Европалык патенттик ведомствону Бенуа Батистелли жетектеп калды
Жарыяланган күнү : 
30/07/2010

2010-жылдын 1-июлунан баштап Европалык патенттик ведомствонун (ЕПВ) жаңы башчысы Бенуа Батистелли өз милдеттенмелерин аткарууга киришти.

Кыргызпатенттин жетекчилиги Европанын 37 өлкөсү ичине кирген кадыр-барктуу бул уюмдун жаңы жетекчисинин дарегине куттуктоо телеграммасын жөнөттү, анда жаңы президент өзүнөн мурдагылардын ишин ийгиликтүү улантаарына ишеним жана ЕПВ менен мындан ары дагы үзүрлүү кызматташууга үмүт артылгандыгы айтылат.

2010-жылы мартта Бенуа Батистелли бул кызматтагы Элисон Бримелоунун ордуна президент болуп шайланган болчу. Анын ыйгарым укугунун мөөнөтү беш жылды түзөт. Кызматына киришип жатып г-н Батистелли бүткүл дүйнөдөгү патенттик ведомстволордун иштеринин бири-бирин кайталоосун кыскартуу максаттарында ЕПВнын мүчө-өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоону жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү өз ишмердигиндеги артыкчылыктардын бири катарында эсептей тургандыгын белгиледи.

Бенуа Батистелли Саясый изилдөөлөр институтунда (Париж) юридикалык билим алган. Франциянын Экономика жана финансылар министрлигинде эмгектенип, ал жерде атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жана инновациялар чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча иш алып барган. 2004-жылдын май айынан бери Франциянын улуттук өнөр жай менчиги институтун жетектеп келген. 2006-жылдан төраганын орун басары, андан кийин ЕПВнын Административдик кеңешинин төрагасы жана Европалык патенттик академиянын Байкоочу кеңешинин төрагасы катарында иштеген.