Сооронбай Жусуев өзүнүн 85 жылдык мааракесин куттуктагандыгы үчүн Кыргызпатентке ыраазычылык билдирди
Жарыяланган күнү :
21/07/2010 Кыргызпатенттин дарегине жакында эле өзүнүн 85 жылдыгын белгилеген Кыргыз Эл акыны, Кыргызстандын Эл Баатыры Сооронбай Жусуевден ыраазычылык кат келип түштү.
Өзүнүн катында Сооронбай Жусуев анын маарекесине карата көңүл буруп жана куттуктагандыгы үчүн Кыргызпатенттин жамаатына ыраазычылыгын билдирген. “85 жылдык маарекеме ичи толтура жүрөк жылыткан калоо-тилектер жазылган азем сүрөт альбомун мага ыроолоп койгондугуңар үчүн ыраазымын. Менин дагы силерге деген жүрөктөн чыккан ыраазычылыгымды жана силердин жамаатка болгон жаркын каллоолорумду кабыл алып койгула. Бардык жакшылыктар силерди коштоп жүрсүн!”
