2010-жылдын 16-июлунда Президенттин Жарлыгы менен Исабаева Зина Беккелдиевна КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директорлук кызмат орунуна дайындалды.
Эске салсак: ушул жылдын 28-майында Зина Исабаева Убактылуу Өкмөттүн Декретине ылайык Убактылуу Өкмөттүн координатору Эльмира Ибраимова тарабынан Кыргызпатенттин жамаатына ведомствонун директорунун милдетин аткаруучу катары көрсөтүлгөн.
Эми, 2010-жылдын 27-июнунда референдум тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке киргизүү жөнүндө” Мыйзамга ылайык Кыргызстанда өкмөттүн жаңы курамы бекитилип, Зина Беккелдиевна Исабаева “милдетин аткаруучу” деген жалгануучу сөзү жок Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын жетекчиси болуп калды.
Кыргызпатенттин жамааты бул дайындоону канааттануу менен кабыл алды: Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу астында Кыргызстанда Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы негизги ролду ойной турган Интеллектуалдык менчикти жана инновацияны өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын үстүндө иштер башталып турган ушул кезде ведомствонун башында тажрыйбалуу кесипкөй адамдын турушу өзгөчө маанилүү.
