• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин жетекчилиги жана патенттик ишенимдүү өкүлдөр мындан ары кызматташуу маселелерин талкуулашты
Жарыяланган күнү : 
16/07/2010

2010-жылдын 5-июлунда Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын демилгеси боюнча ведомствонун жетекчилиги менен патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн жумушчу жолугушуусу уюштурулуп, анын негизги максаты Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү менен Кыргызпатенттин ортосундагы өнөктөштүк өз ара мамилелердин жана кызматташтыктын механизмдерин жакшыртуу болду.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө өтүнмөлөрдү берүүгө байланышкан көйгөйлөрдү чечүү ыкмалары каралды, ошондой эле биргелешкен ишмердиктин негизги багыттары боюнча патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн сунуштары угулду жана көңүлгө алынды. Кыргызпатенттин жетекчилиги өз тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлдөргө биргелешкен иштин кезектеги этабы катарында өз-ара аракеттенүүнү жакшыртуу жана өтүнмөлөрдү берүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча бир катар ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышууну сунуштады. Ведомствонун директору Зина Исабаева ошондой эле патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегиянын үстүндө иштөөгө жигердүү катышууга чакырды.

Зина Исабаева чогулгандарга “Кыргызпатенттин алдындагы Апелляциялык Кеңешке каршылыктарды жана арыздарды берүүнүн жана аларды карап чыгуунун эрежелери”, ошондой эле “Өнөр жай менчиги объектисине, селекциялык жетишкендикке коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, аларды пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоо эрежелери” КРнын Өкмөтү тарабынан бекитилгендиги, бул өтүнүүчүлөр үчүн албетте чоң “пайда” болуп кала тургандыгын жана кээ бир талаш-тартыш маселелерди чечүүгө шарт түзө тургандыгын маалымдады.

Андан тышкары патенттик ишенимдүү өкүлдөр товардык белгилер, фирмалык аталыштар жана интеллектуалдык менчиктин башка объектилери боюнча электрондук маалымат базасынын түзүлгөндүгү, ошондой эле Кыргызпатенттин жылдык отчетторунун варианттарына, ай сайын чыгуучу «Интеллектуалдык Менчик» бюллетенине жана Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын маалыматтык ресурстарынын толук тизмесине кирүү мүмкүндүгүн алуу жөнүндө маалыматтарды алышты.