Өткөн жумада, 8-июлда, Женевада БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) Интеллектуалдык менчик боюнча адистер тобунун IY сессиясы болду. Анын ишине 19 өлкөдөн, анын ичинде – Армениядан, Беларусиядан, Казакстандан, Кыргызстандан, Молдовадан, Россиядан, Украинадан, Узбекистандан, ошондой эле 25 эл аралык уюмдардан жана компаниялардан делегаттар катышты. Бул жолугушууда Кыргызпатентти ведомствонун директорунун орун басары Данияр Сыдыков көрсөттү.
Жолугушуунун катышуучуларынын көңүл борборунда интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жана ИМди коммерциялаштыруу, башкаруу, мыйзам маселелери жана ушул чөйрөдө укуктарды колдонуу практикасы болуп, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштердин (ИИТКИ) жана өндүрүштүк-сатуунун эл аралык түйүндөрүнө аларды жуурулуштурууга багытталган инновациялар жана интеллектуалдык менчик жаатындагы улуттук стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча бир катар өлкөлөрдүн тажрыйбалары каралып чыкты.

