• Кыргызча
  • Русский
Салттуу билимдер боюнча аймактар аралык семинар
Жарыяланган күнү : 
13/07/2010

Варшавада Польшанын патенттик ведомствосунда 2010-жылдын 8–9-июнунда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу астында өткөөл экономикадагы өлкөлөрдөгү салттуу билимдер боюнча эксперттердин Аймактар аралык семинары болуп өттү.

Семинардын ишине КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн, жана Венгриянын, Израилдин, Македониянын, Болгариянын, Словакиянын, Румыниянын жана Польшанын ошондой эле ИМБДУнун өкүлдөрү: Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча бөлүмдүн жетекчиси Михал Свантнер, маданияттын салттуу көрүнүштөрү жана маданий мурастардын салттуу чыгармачылыгы боюнча бөлүмдүн жетекчиси Вен Вендланд жана анын жардамчысы Мари Муторо катышышты. Семинарга Кыргызпатенттен Селекциялык жетишкендиктер жана салттуу билимдер секторунун эксперти Динара Оморбекова катышып келди.

Семинардын жүрүшүндө эл аралык деңгээлде салттуу билимдерди (СБ), маданияттын салттуу көрүнүштөрүн (МСК) жана генетикалык ресурстарды (ГР) укуктук коргоого, ошондой эле ушул маселелерге байланышкан документтерди алга жылдырууда ИМБДУнун алдында турган милдеттерге байланышкан маселелер каралды. Узартылган мандат Интеллектуалдык менчик, генетикалык ресурстар, салттуу билимдер жана фольклор боюнча Өкмөттөр аралык комитетти 2011-жылдын аягына чейин ушул тармакта эл аралык документтин долбоорун даярдоого милдеттендире тургандыгы белгиленди.

Бүгүнкү күндө бардык үч объектинин ичинен эң эле даярдалганы болуп маданияттын салттуу көрүнүштөрү (фольклор) боюнча, андан кийин – салттуу билимдер жана генетикалык ресурстар боюнча маселелер блогу эсептелет.

Семинардын катышуучулары өзүлөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө салттуу билимдерди, маданияттын салттуу көрүнүштөрүн жана генетикалык ресурстарды укуктук коргоо жаатында өз өлкөлөрүнүн улуттук тажрыйбалары жөнүндө айтып беришти. Динара Оморбекова кабарлагандай, талкуунун жүрүшүндө бардык ушул өлкөлөрдөгү көйгөйлөр окшош экендиги: бардык ушул үч объектилер ар кандай мамлекеттик органдар тарабынан жетекчиликке алынаары, ал эми салттуу билимдерге тиешелүү атайын мыйзам sui generis Кыргызстандан башка катышуучу-өлкөлөрдүн биринде дагы жок экендиги маалым болду. Бардык катышуучу өлкөлөр Биоартүрдүүлүк жөнүндө Конвенцияны ратификациялашкан демек – 8 j пунктуна макулдук беришкен, анда мындай деп айтылат, ар бир өлкө “өзүнүн улуттук мыйзамына ылайык, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу үчүн мааниси бар салттуу жашоо образын чагылдыруучу жергиликтүү туруктуу жашоочулардын билимдерин, жаңылыктарын жана практикасын сыйлоону, сактоону жана колдоону камсыз кылат, жаңылыктар жана практикалар сыяктуу билимдердин катышуусунда аларды жактыруудан тартып кыйла кеңири колдонууга өбөлгө түзөт, ошондой эле мындай билимдерди, жаңылыктарды жана практиканы колдонуудан келип чыгуучу калыс кирешелердин негизинде биргелешип пайдаланууларды шыктандырат”.

Ишти мындан ары натыйжалуу жылдырууда, негизги терминдерди аныктоодо окулуштар ар түрдүү болбосун үчүн ИМБДУга салттуу билимдер жана маданияттын салттуу көрүнүштөрү тармагындагы терминдердин глоссарийин даярдап жана басып чыгаруу сунуш кылынды.

Комитетте салттуу билимдер жана маданияттын салттуу көрүнүштөрү боюнча Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу иши башталууда. Бизге таанышып жана жеткилеңдетүү үчүн “Салттуу билимдерди жана маданияттын салттуу көрүнүштөрүн укуктук коргоонун мыйзамы жана тандап алуунун стратегиясы” аттуу Концепциянын долбоору сунушталды. Бул документ кийинчерээк расмий түрдө бизге жөнөтүлмөкчү.