Кыргызпатентте ведомствонун жетекчилиги Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлү, долбоорлорду калыптандыруу боюнча кеңешчиси Мурао Аяко менен жолугушту.
Жолугушууга Кыргызпатент тараптан директордун милдетин аткаруучу Зина Исабаева, статс-катчы Бакыт Кененбаев, директордун орун басары Данияр Сыдыков, Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамфондунун аткаруучу директору Зарина Оморова, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Фархат Ибрагимов катышышты.
Эскерте кетсек: ушул жылдын февраль айында Кыргызпатентке JICAнын Кыргызстандагы жана Казакстандагы туруктуу өкүлү господин Хидэаки Маруяма башында турган Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин делегациясы келген. Апрелдин башында дагы бир жолугушуу болуп, анын алкагында тараптар кызматташуунун мындан аркы жолдорун белгилешкен жана артыкчылыктуу багыттарды аныкташкан.
Ушундай багыттардын бири катарында инновациялык менеджмент жаатында япониялык адистер Кыргызпатентке консультациялык жардам бере тургандыгы аныкталган жана бул өз учурундагы демилге болгон. 5-июлда болуп өткөн жолугушуу учурунда тараптар ушул багыттагы мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
