2010-жылдын 30-июнунан 2-июлуна чейин ИМБДУнун штаб-квартирасында Товардык белгилер, өнөр жай үлгүлөрү жана георгафиялык көрсөткүчтөр боюнча Туруктуу комитетинин 23-отуруму болуп өттү. Отурумга Кыргызпатенттен Өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди эксперттөө башкармалыгынын начальниги Абдикалил Токоев катышты.
Отурумдун күн тартиби төмөндөгү сыяктуу маселелерди камтыды:
- өнөр жай үлгүлөрүн коргоону мыйзамдарда жана практикада жакындаштыруунун мүмкүнчүлүктүү тармактары;
- белгилердин бардык типтерин каттоодон баш тартуу үчүн негиздер;
- сертификатталган жана жамааттык белгилерди каттоого байланышкан техникалык жана жол-жоболук аспектилер;
- мамлекеттердин аталыштарын коргоо;
- географиялык көрсөткүчтөр;
- товардык белгилер жана Интернет;
- артыкчылыктуу документтерге сан ариптик кирүү кызматы.
Отурумдун ишине ИМБДУнун 75 мүчө өлкөлөрүнөн делегациялар жана 15 өкмөттөр аралык жана өкмөттүк эмес эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Отурумга Марокконун өкүлү Adil EL MALIKI төрагалык кылды, ал эми анын орун басарлары болуп Венгриянын өкүлү Imre GONDA жана Мексиканын өкүлү Joseph KANWAGI RAGE шайланышты.
Отурумдун ишине ошондой эле ИМБДУнун башкы директорунун орунбасары Binying WANG, Товардык белгилер жана өнөр жай үлгүлөрү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Marcus HOPPERGER жана ИМБДУнун Эл аралык бюросунун башка кызматкерлери катышышты.
Туруктуу комитет SCT/23/5 “Өнөр жай үлгүлөрүн коргоону мыйзамдарда жана практикада жакындаштыруунун мүмкүнчүлүктүү тармактары” аттуу документти майда-чүйдөсүнө чейин карап чыкты. Комитет ошондой эле Улуу Британиянын, Европа союзунун жана MARQUES эл аралык уюмунун өкүлдөрүнүн сунуштарын карап чыкты.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча Комитет берилген маселе боюнча Катчылык документтин жеткилеңдетилип иштелип чыккан вариантын даярдай тургандыгы жана комитеттин эмдиги отурумуна карап чыгууга сунуштай тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алды.
Товардык белгилер жөнүндөгү маселени талкуулоо SCT/23/2 “Белгилердин бардык типтерин каттоодон баш тартуу үчүн негиздер” аттуу документке негизденди. Туруктуу комитет тарабынан маалыматтама катарында берилген маселе боюнча жыйынтыктоочу документти ИМБДУнун бардык жумушчу тилдеринде жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
