Өткөн ишембиде Үрүмчү шаарында (КЭР, СУАР) “Күн энергиясын өздөштүрүүдөгү жана пайдалануудагы инновациялар” атуу эл аралык семинар аяктады.
Ал 2010-жылдын 6–26-июнунда өттү жана ал Кытай Эл Республикасынын Илим жана техника министрлигинин жана СУАР Илим жана техника башкармалыгынын колдоосу жана жетекчилиги астында Илимий-техникалык маалымат боюнча СУАР Борбору тарабынан уюштурулду. Семинардын ишине Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Монголиянын өкүлдөрү катышты.
Бул инновациялык форумда биздин республиканы Альтернативдүү энергетиканы өнүктүрүү боюнча Ассоциациянын окумуштууларынан турган делегация, ошондой эле Кыргызпатенттин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Фархат Ибрагимов көрсөтүштү. Семинардын жүрүшүндө ал Кыргызпатент жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөдү, анда ведомствонун ишмердигинин негизги багыттары, эл аралык кызматташтык, авторлор менен ойлоп табуучуларды колдоо маселелери, ИМ боюнча Мамфондунун ишмердиги, ошондой эле ИМ жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер чагылдырылды.
Семинардын эң башкы максаты катышуучуларды СУАРдагы энергиянын салттуу эмес кайрадан калыбына келип туруучу булактарын пайдалануу менен тааныштыруу, кытай ишканаларынын БА өлкөлөрү, Россия жана Монголия менен кызматташтыгын түзүү жана активдештирүү маселелери болуп калды.
Форум учурунда энергиянын салттуу эмес булактарын өнүктүрүү менен иш алып баруучу кытай компанияларынын жана изилдөө борборлорунун өкүлдөрү КЭРде энергиянын салттуу эмес кайрадан калыбына келип туруучу булактарын пайдалануу жөнүндө дарстар менен чыгып сүйлөштү. Ушул тармакта иштөөчү СУАР ишканаларына жана уюмдарына көптөгөн экскурсиялар уюштурулду.
СУАР Өкмөтүнө караштуу Өнүктүрүү боюнча изилдөө борборунун, Синьцзяндын Салттуу эмес энергия институтунун, ТВЕА компаниясынын жана башка уюмдардын адистери баяндамалар менен чыгып сүйлөштү. Алар күн энергиясын пайдалануу технологиясынын өнүгүү тенденциялары жөнүндө, электр кубатын өндүрүүдө күн энергиясын пайдалануу, тиричилик керектөөлөрү үчүн гелиотүзүлүштөрдү колдонуу, ошондой эле фотоэлектр өнөр жайын колдоо үчүн мамлекет тарабынан эмне иштер жасалып жаткандыгы жана бул саясаттын натыйжалары кандай болуп жаткандыгы туурасында айтып беришти.
Синьцзяндын Салттуу эмес энергия институтуна, күн жана шамал генераторлорун, ошондой эле альтернативдүү энергия булактарынан иштөөчү жабдууларды чыгаруучу компанияларга экскурсиялар уюштурулду. Семинардын катышуучулары Үрүмчү шаарынын технопаркында, Жаңы технологияларды өздөштүрүү боюнча эркин экономикалык аймакта болушту. Дабанчэндеги электр станциясына баруу коноктордун зор кызыгуусун арттырды. Бул Үрүмчүнүн түштүгүндөгү шаарга жакын жаңы айылдарды курууда күн энергиясын пайдалануу боюнча көрсөткүч объект.
Андан тышкары семинардын катышуучулары Борбордук Азиядан келген кошуналар менен кызматташууга өзүлөрүнүн даяр экендиктерин билдиришкен Синьцзяндын 70тен ашуун компаниялары менен ишканаларынан 120дан ашуун өкүлдөр келген конференцияга катышышты. Алардын 20дан ашууну кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштары менен чыгып сүйлөштү.
“Семинардын катышуучулары күн энергиясын пайдалануу технологиялары, Синьцзяндагы күн продуктуларын өнүктүрүүнүн базардык тенденциялары менен гана таанышпастан, ошондой эле Синьцзяндагы экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн абалын өз көздөрү менен көрүштү, – дейт Фархат Ибрагимов. – Жергиликтүү адистер жана ишкерлер башка өлкөлөр жана чет өлкөлүк компаниялар менен кызматташуунун чоң тажрыйбасын топтошкон. Мисалы компаниялардын бири Тажикстанда бир нече долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырышкан, бул жерде салттуу гидроэнергетиканы өнүктүрүүдөн тышкары, альтернативдүү күн энергиясын өнүктүрүүгө кызыкдар болушкан. Бул, мисалы, Дүйшөмбүнүн көчөлөрүн күн чырактары менен жарык кылуу боюнча 500 кВт кубаттуулуктагы электр станциясынын курулушу.
Экинчи бир компания күн фонарларын, белги берүүчү чырактарды, ар кандай кубаттуулуктагы күн генераторлорун, шамал генераторлорун, соркыскычтык системаларды, жол белгилерин өндүрүүгө адистештирилүүдө. Компаниянын жетекчилиги төмөндөгү үч вариант боюнча Кыргызстан менен кызматташууга даяр экендигин билдирди: 1) Компаниянын продуктуларын жеңилдетилген баа боюнча түз сатып алуу; 2) Кыргызстандын аймагында БӨ түзүү; 3) Кыргызстанда дистрибуциялык түйүндү түзүү.
Үрүмчү шаарындагы Жогорку технологиялуу өнөр жайын (технопарк) өнүктүрүүнүн улуттук аймагы алдыңкы илимий-техникалык уюм болуп эсептелет жана инновациялык ишмердиктеги жана бизнес инкубациялуу жогорку технологияларды алга жылдыруу менен ИМ объектилерин коммерциялаштыруу боюнча иш алып барат. Технопарк 1992-жылы негизделген жана улуттук масштабдагы 57 технопарктардын бири болуп эсептелет.
Патент алуучуларга интеллектуалдык менчикти күрөөгө коюу жолу менен банктык кредиттерди алууга жардам берүүдө технопарктын тажрыйбасы кызыгарлык. Айтмакчы Кыргызстанда ошондой эле кредит алуу үчүн күрөө катары патенттерди пайдалануу механизми иштелип чыгууда. Ал эми КЭРде инвестицияларды тартуунун бул куралы эбактан бери эле иштейт жана таасир калтыруучу натыйжаларды алып келет. Мисалы, өткөн жылы технопарктын жардамы аркасында СУАР компанияларынын бири өз патентин күрөөгө коюп 5 млн. юань өлчөмүндө (730 миңге жакын АКШ доллары) кредит алган. Ошондой эле патент алгандыгы үчүн шыктандыруу системасы караштырылган. Технопарктын аймагында 3470 кытайлык жана чет өлкөлүк ишканалар катталган. Катталган патенттердин саны 401ди түзөт. Ошондой эле технопарктын аймагында мамлекеттик деңгээлде ИМди коргоо боюнча тажрыйбалуу 2 ишкана иштейт. ИМ менен байланышкан өзүнүн ишмердигинде технопарк ИМ жөнүндө КЭРдин мыйзамдарын жана СУАРдын ИМ жөнүндө Жобосун жетекчиликке алат.
Технопарктын аймагында 3470 кытайлык жана чет өлкөлүк ишканалар катталган. Технопарктын жетекчилеринин айтымында, бул жетишкендиктер көпчүлүк учурда КЭРдин өкмөтүнүн колдоосунун аркасында келген. Ошентип, 2009-жылы, технопарктын бюджеттик дүң кирешеси 9,43 млрд. юанды түзгөн.


