• Кыргызча
  • Русский
“Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча бажы чаралары” аттуу семинар
Жарыяланган күнү : 
18/06/2010

2010-жылдын 7–9-июнунда Астана шаарында USAID тарабынан уюштурулган “Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча бажы чаралары: ЕС жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбалары” аттуу семинар болду. Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынан Интеллектуалдык менчик укуктарын жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Ильясова катышты.

Семинарга Евросоюздун өлкөлөрүнүн, ошондой эле Тажикстандын, Кыргызстандын жана Казакстандын өкүлдөрү катышты.

Семинардын биринчи күнү интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча бажы чараларын колдонуу жаатында ЕС жана Орто Азия мамлекеттеринин тажрыйбаларын баяндоого арналды. Ошентип, Эстониянын бажы көзөмөл башкармалыгынын башкы эксперти Ивар Касемаа интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча бажы чараларын жүзөгө ашыруудагы европалык коомдоштуктардын тажрыйбалары жөнүндө айтып берди. Ал ИМ укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдардын өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, Евросоюздун бажы реестри жөнүндө жана 2009–2012-жж. мезгилде интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатындагы ЕСнын аракеттеринин Планы туурасында сөз кылды.

Болгариянын Улуттук бажы агенттигинин башкы эксперти Герган Чешмеджиеванын “Европа Союзунда ИМ укуктарын коргоо тармагындагы тобокелчиликтерди башкаруу. Тобокелчиликти талдоо. Практикалык мисалдар” аттуу баяндамалары дагы кыйла маанилүү болду. Сербиянын ex officio жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча тажрыйбасы тууралуу USAIDдин сооданы либералдаштыруу жана бажы реформасы боюнча Аймактык долбоорунун БСУ маселелери боюнча эксперти Йован Йекич айтып берди.

Тажикистандын, Кыргызстандын жана Казакстандын өкүлдөрү интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча бажы чаралары жаатындагы өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Атап айтканда Кыргызстандын Бажы кызматынын өкүлү бүгүнкү күндө республиканын Бажы реестрине 5 товардык белги киргизилгендиги жөнүндө маалымдады. Кыргызпатенттин өкүлү Нуржамал Ильясова өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону жүзөгө ашыруунун көйгөйлөрүн чагылдырды.

Жолугушуунун экинчи күнү интеллектуалдык менчик жаатындагы эл аралык эксперттердин бет ачарларына арналды. Контрафактга каршы күрөш боюнча укук ээлеринин Европалык түйүнүнүн өкүлү Рональд Бром “Мамлекеттик жана жеке кызматташтык: контрафактга каршы күрөштө бажы кызматтарына жардам берүү процесстеринде укук ээлеринен эмнени күтүүгө болот” деген теманын бет ачарын көрсөттү. “ИМ укуктарын коргоо жаатында БУУнун Еврокомиссиясынын ишмердиги жөнүндө” анын өкүлү Тони Боничи айтып берди.

Өз компанияларынын продукцияларынын контрафактылуулугун аныктоо маселелери боюнча бет ачарлары жана укук коргоо органдары тарабынан мындай продукциялардын алынышы боюнча тажрыйбалары менен, «Henco», «L`Oreal», «Puma» ж.б. сыяктуу бир катар чет өлкөлүк компаниялардын–укук ээлеринин өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Компаниялардын биринин өкүлдөрү бул маселелер боюнча Кыргызстанда окутуучу семинар өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар интеллектуалдык менчик объектилерин мыйзамсыз пайдаланууга жана контрафактылык продуктуларды жайылтууга каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келишти.