Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) интеллектуалдык менчиктин берилмелерин издөө үчүн ИМБДУнун глобалдуу документтерине универсалдуу кирүүнү камсыз кылуучу жаңы WIPO GOLD онлайн ресурсту ишке киргизди.
Бул жөнүндө Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Башкы директору Френсис Гарри өзүнүн ИМБДУнун порталына келүүчүлөргө кайрылуусунда кабарлады.
WIPO GOLDге http://www.wipo.int/wipogold/en/ дареги боюнча кирүүгө болот, ресурс интеллектуалдык менчик тармагындагы бүткүл дүйнөлүк маалыматтарга кирүү мүмкүндүгүн жеңилдетүүгө багытталган жана маалыматты жана ИМди талдоо боюнча эл алалык маалымдоо кызматы катарында Уюмдун тогуз стратегиялык максаттарынын бирин аткаруудагы маанилүү кадам болуп саналат.
Портал WIPO GOLD – кеңейүүсүн жана өркүндөөсүн улантуучу динамикалуу жана прогресчил маалыматтык курал.
Порталдын ишине тиешелүү баяндамаларды жана сунуштарды төмөндөгү дарек боюнча калтырууга болот: http://www.wipo.int/contact.
