Азербайжандын борбору Бакуда 2010-жылдын 15–16-июнунда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) жана Азербайжан Республикасынын Стандарттарштыруу, метрология жана патент боюнча Мамлекеттик комитети тарабынан уюштурулган“ Патенттерге жана товардык белгилерге укуктарды камсыз кылуу” аттуу семинар болду. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынан ага Укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Самаков катышып келди.
Семинарга Азербайжандын, Грузиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Молдованын жана Украинанын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун катышуучуларынын көңүл борборунда контрафактылар, интеллектуалдык менчик укуктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Европалык эрежелер, ИМ укуктарын камсыз кылуу боюнча эл аралык стандарт, Украинада ИМ укуктарын камсыз кылуудагы интеллектуалдык менчик инспекторлорунун ролу деген сыяктуу маселелер болду. Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо боюнча өз өлкөлөрүндөгү тажрыйбалары менен Азербайжандын жана Молдованын өкүлдөрү бөлүшүштү.
Семинардын экинчи күнү чек арада колдонулуучу: жол-жоболор жана техника, тобокелчиликти талдоо жана башкаруу, товарларды бирдейлештирүү сыяктуу ИМ объектилерине укуктарды коргоо боюнча чараларга арналды. Бул тема боюнча өзүнүн баяндамасы менен Бүткүл дүйнөлүк Бажы Уюмунун төрагасы чыгып сүйлөдү.
Андан тышкары семинардын катышуучуларына интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды камсыз кылуу боюнча биргелешкен чаралар боюнча Азербайжан менен Түркиянын улуттук тажрыйбалары көрсөтүлдү. Корутунду талкуунун темасы интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды камсыз кылууда укук ээлеринин өзүлөрүнүн ролу жөнүндөгү маселе болуп калды.
| Кошумча матариалдар | Өлчөмү |
|---|---|
| seminar_v_baku.doc | 27 KB |
