Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын (МПТК) Илимий-техникалык адабияттар бөлүмүндө референдумга даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында “Конституция – башкы мыйзам” аттуу темалык китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Көргөзмөнүн экспозициясында конституциялык укук маселелери боюнча материалдар, китептер, брошюралар жана Кыргызстан менен Шериктештик өлкөлөрүндө конституциялык курулуш жөнүндө макалалар чагылдырылган. Ушул эле жерде референдумга алынып чыгып жаткан Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын жаңы долбоору жана ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр жана ой-пикирлер менен дагы таанышууга болот.
“Көргөзмөнүн максаты, – деп кабарлады МПТКнын директору Людмила Баклыкова, – Жаңы Баш Мыйзамдын долбоорун жигердүү жайылтуу, биздин окурмандарыбызга, өлкөбүздүн жарандарына 2010-жылдын 27-июнунда боло турган референдумга активдүү катышууга чакырык таштоо”.

