Күндүн энергиясын пайдалануу чөйрөсүндөгү инновациялар боюнча эл аралык семинар
Жарыяланган күнү :
28/05/2010 2010-жылы 6-июндан 26-июнга чейин Синьцзян шаарында (КЭР) Күндүн энергиясын пайдалануу чөйрөсүндөгү инновациялар боюнча эл аралык семинар болот.
Семинардын алкагында КЭРде күндүн энергиясын пайдалануу боюнча жобо жана технологияларды өнүктүрүүнүн тенденциясы талкууланат. Ошондой эле Жаңы энергиянын институтуна баруу, экскурсиянын жүрүшүндө күн энергиясынын энергетикалык түзүлүштөрү менен таанышуу пландаштырылууда.
Иш-чарага Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Фархат Ибрагимов катышат.
