• Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатентте ведомстволук сыйлыктарды тапшыруу аземи болду
Жарыяланган күнү : 
15/06/2010

Бүгүн, 15-июнда, Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасынын уюшулган күнүн майрамдоонун урматына Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматында (МИМК) ведомстволук сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

МИМКнын ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик системасында үзүрлүү жана натыйжалуу эмгектенгендиги үчүн “Патент кызматынын мыктыгери” аттуу төш белгилер төмөндөгү кызматкерлерге тапшырылды:

Давлетбаева Гульмира Мамбетказиевнага –реестрлер бөлүмүнүн башкы адисине;
Козубаева Зарема Токтосуновнага – материалдарды даярдоо бөлүмүнүн башкы адисине;
Джентаева Атыркүл Жуманалиевнага - полиграфия бөлүмүнүн жетектөөчү адисине.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Ардак грамотасы төмөндөгүлөргө тапшырылды:
Асаналиева Рыскан Кулевна - башкы бухгалтер;
Шадыканова Айзат Бактыбековна – интеллектуалдык менчик укуктарын жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башкы адиси;
Курманалиева Калийман Джалильбековна – маалымат системаларын тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси;
Жунусов Кутманаалы Туркменович - инспектордук бөлүмдүн инспектору;
Термечиков Өмүрбек Калмурзаевич – тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси;
Нишарапова Эльмира Сүйүнбековна – реестрлер бөлүмүнүн башкы адиси;
Кожобаева Бүбүайша Асековна – Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун Уюштурууну камсыз кылуу бөлүмүнүн адиси.

Сыйлыктарды тапшыруу менен МИМКнын директору Зина Исабаева кесиптештерин майрамдары менен кызуу куттуктады жана аларга чыгармачылык ийгиликтерди каалады.