• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатентте каракчылыкка каршы күрөш маселелери боюнча пресс-сессия болду
Жарыяланган күнү : 
11/06/2010

Бүгүн, 11-июнда КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын (МИМК) конференц-залында журналисттер үчүн “Кыргызстанда каракчылыкка каршы натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүнбү” деген темада пресс-сессия болду.

Алдыңкы ММКлардын жана маалыматтык агенттиктердин өкүлдөрү менен МИМКнын директорунун милдетин аткаруучу Зина Исабаева, директордун орун басары Данияр Сыдыков, контрафактылык жана жасалма продуктуларды изилдөө жана эксперттөө бөлүмүнүн башчысы Тимур Адилов, ошол эле бөлүмдүн эксперти Шамиль Аильчиев, инспектордук бөлүмдүн башчысы Аскар Нажимудиновдор жолугушту. Пресс-сессиянын ишине ошондой эле патенттик бюронун директору Леонид Ким катышты.

Журналисттерди куттуктоо менен Зина Исабаева мындай жолугушуулар интеллектуалдык менчикти коргоо жана рационалдуу пайдалануу маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурууга гана эмес, ММКнын өкүлдөрүнө бул маселелерде кыйла көбүрөөк нерселерди түшүнүүгө дагы мүмкүндүк берет. Ал “төртүнчү бийлик” Кыргызстанда патент системасы, автордук укуктарды, салттуу билимдерди жана селекциялык жетишкендиктерди коргоо системасы кандайча иштеп жаткандыгы жөнүндө далилдүү маалыматтардын ишенимдүү булагы гана эмес, интеллектуалдык менчик жөнүндө билимдерди жайылтууда ведомствонун жардамчысы болуп кала тургандыгынан үмүттөнө тургандыгын айтты. Ал ошондой эле жасалма жана каракчылык продуктуларын жайылтуу өлкөнүн экономикасына жана коопсуздугуна кандай зыяндарды келтире тургандыгы жөнүндө айтып берди.

Пресс-сессиянын катышуучулары контрафактылык жана каракчылык продуктуларды базардан сүрүп чыгаруу үчүн мамлекет жана эл аралык коомчулук тарабынан кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы тууралуу кабар алышты. Муну менен, мисалы каракчылык оюномо программалар же аудиовизуалдык продуктулар менен соода кылуу пайдасыз болуп калган учурда, экономикалык жөнгө салуу ыкмаларын колдонуу жазалоо чараларына караганда кыйла сезилээрлик натыйжа бериши мүмкүн экендиги белгиленди. Журналисттерге каракчылык дисктери лицензияланган (уруксаттамаланган) дисктерден кантип ажыратыла тургандыгын, белгилүү аткаруучулардын же кинофильмдердин каракчылык жол менен жазылган сактагычтарын сатып алуу менен, биз өлкөнүн экономикасына гана зыян келтирбестен, өзүбүздүн ден-соолугубузду тобокелдикке салаарыбызды ошондой эле бул чыгармаларды жаратуучулардын автордук укуктарын бузуп жаткандыгыбыз жөнүндө түшүндүрүп беришти.

Андан тышкары, Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти натыйжалуу коргоого эмнелер тоскоолдук кылып жаткандыгы жана бул тоскоолдуктарды болтурбоо үчүн мыйзамдар жаатында ошондой эле мыйзамдарды колдонуу практикасында кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө ачык-айкын сөз болду.