Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматка кирүү укугун ишке ашыруу үчүн Убактылуу Өкмөт КРнын Президентине караштуу Башкаруу академиясы менен биргеликте сынактык негизде башкаруу кадрларын окутууга жана даярдоого документтерди кабыл алууну жарыялайт.
Талапкерлерге жалпы талаптар:
Кыргыз Республикасынын жарандыгы;
Окутуунун программаларын эске алуу менен, жогорку же орто адистик билими;
Жаш курагы 35 жашка чейин;
Мыйзам тартибинде алынып салынбаган же жокко чыгарылбаган соттолуунун жоктугу.
Документтердин тизмеси:
жеке арызы;
резюмеси;
автобиографиясы;
паспорттун же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт);
жогорку же орто билими жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
квалификациясын жогорулатуу жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
сунуштама кат (мүмкүн болушунча)
Документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык же иштеген жериндеги башкаруу кызматынын персоналы тарабынан (кадрлар бөлүмүндө) күбөлөндүрүлүп тапшырылат
Документтерди тапшыруу мөөнөтү 2010-жылдын 4-июнуна чейин.
Убактылуу Өкмөттүн 20.05.2010 ж. № 52 токтому менен зарылдыгына жараша кадрлар бөлүмүндө таанышууга болот. Кошумча маалымат алуу үчүн сиздер 68-18-37 телефону боюнча кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Эльнура Токтосуновага кайрылсаңыздар болот.
