Бүгүн, 2010-жылдын 15-июнунда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын (МИМК) имаратында “Салттуу билимдер жана интеллектуалдык менчик” деген темада “тегерек үстөл” болду.
Тегерек үстөлдүн ишине структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери жана интеллектуалдык менчик объектилери боюнча МИМКнын эксперттери, окумуштуулар, салттуу билимдер менен түздөн-түз иш алып баруучу мамлекеттик ведомстволордун жана өкмөттүк эмес уюмдардын кызыкдар болгон өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны куттуктоо сөзү менен МИМКнын директорунун милдетин аткаруучу Зина Исабаева ачып, ал өз сөзүндө ар бирибиздин турмушубуздагы салттуу билимдердин маанилүү ролун өзгөчө белгиледи жана бүгүнкү талкуу өкмөттүк эмес секторлордун, илимий коомчулуктардын салттуу билимдерди алып жүрүүчүлөр менен ушул багытта кызматташуусун чыңдоодо дагы бир кадам болуп калаарына үмүттөнгөндүгүн билдирди.
“Салттуу билимдер жана интеллектуалдык менчик” аттуу баяндама менен КРнын МИМКнын эксперттөө башкармалыгынын начальниги Абдикалил Токоев чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө салттуу билимдер, генетикалык ресурстар ошондой эле бүтүндөй маданияттын салттуу көрүнүштөрү биздин элибиздин интеллектуалдык байлыгынын түзүүчүсү болуп эсептеле тургандыгын белгиледи, жана катышуучуларга салттуу билимди каттоого биринчи өтүнмө 2009-жылы берилгендиги жөнүндө кабарлады. Салттуу билимдердин биринчи катталган объектиси интеллектуалдык “Тогуз Коргоол” оюну болуп калган. Ошондой эле Абдикалил Токоев ар кандай булактардан күн сайын толукталып жаткан салттуу билимдер боюнча маалымат базаларын түзүү жөнүндө айтып берди.
“Салттуу билимдерди жана маданияттын салттуу көрүнүштөрүн санариптештирүү, санариптик жыйнактарды жана веб-сайттарды түзүү жөнүндө” аттуу баяндама менен селекциялык жетишкендиктер жана салттуу билимдер секторунун башчысы Токтогул Азыков чыгып сүйлөдү. Ошондой эле КРнын УИАсынын Биотехнология институтунун Өсүмдүктөрдүн биотехнологиясы лабораториясынын башчысы Анара Умралинанын түзүлүп калган “Кыргызстандын дары байлыктары” аттуу маалымат базасы жөнүндө баяндамасы угулду.
“Тегерек үстөлдүн” катышуучулары Кыргызстанда 2007-жылы кабыл алынган салттуу билимдер жөнүндө мыйзам салттуу билимдер жана салттуу маданиятка жетишүү сыяктуу маанилүү түзүп туруучуларды сактоо жана натыйжалуу пайдалануу үчүн негиз болуп калгандыгын белгилешти. Бирок ушул билимдерди коргоо жана сактоо үчүн натыйжалуу механизмдерди түзүү зарыл.
Бүгүнкү күндө салттуу билимдер экологияда, медицинада жана колдонмо көркөм өнөрүндө улам барган сайын кеңири колдонулуууда. Ошол эле учурда көпчүлүк учурда салттуу маданияттын жетишкендиктери, салттуу билимдер жана генетикалык ресурстар каракчылыктын жана мыйзамсыз пайдалануунун объектилери болуп калууда. Бул салттуу мурасты сактап калууга кызыкдар болгон бардык күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат.
Ошол эле учурда салттуу билимдердин объектилерин интеллектуалдык менчикти коргоо системасына киргизүү алардын ээлерине белгилүү бир артыкчылыктарды алууга мүмкүнчүлүк берет. Тогуз коргоол Федерациясынын төрагасы Абдусалим Чылымовдун айтуусуна караганда, ушул улуттук оюнду салттуу билимдердин объектиси катарында каттоонун аркасында Федерация эл аралык деңгээлде аны көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды жана ал тургай Улуттук интеллектуалдык оюндардын Бүткүл дүйнөлүк YIII олимпиадасында биринчи орунду ээлөөгө мүмкүндүк берди.
“Тегерек үстөлдүн” жүрүшүндө Интеллектуалдык менчик боюнча өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына киргизүү зарыл болгон салттуу билимдерди, генетикалык ресурстарды жана маданияттын салттуу көрүнүштөрүн укуктук коргоо жаатында көйгөйлүү маселелер козголду.


