Кыргызпатентте референдумга даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча штабдын отуруму болуп, ал Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын (МИМК) статс-катчысы Бакыт Кененбаевдин төрагалыгы астында өттү.
Курамына мекеменин бир катар структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери кирген штаб МИМКнын директорунун буйругуна ылайык түзүлдү. Анын милдеттерине алдыдагы референдумга даярдык көрүү жана КРнын Баш Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорунун мазмуну боюнча түшүндүрүү ишмердиги боюнча уюштуруу иштери кирет. Отурумду ачып жатып Бакыт Кененбаев алдыдагы өткөрүлө турган референдумдун маанилүүлүгүн белгиледи жана катышып отургандарды ага жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырды. Штабдын отурумдары ар жумада бир жолу өткөрүлө турган болуп чечилди.
Штабдын биринчи отурумунда Баш Мыйзамдын долбоорунун текстин мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргызпатенттин сайтында жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.
КРнын Баш Мыйзамдын долбоорунун жана референдум өткөрүү жөнүндө Убактылуу өкмөттүн Декретинин тексттери менен бул жерде таанышууга болот.
Алдыда боло турган референдумду өткөрүүгө байланыштуу кызыктырган бардык суроолор боюнча Конституциялык кеңешменин “кызуу байланыш” телефондоруна кайрылсаңыздар болот.
Кызуу байланыш телефондорунун номерлери:
Бишкек шаары үчүн - 90 11 12
Аймактар үчүн - 0 (800) 0 90 11 12
(үй телефонунан чалуу акысыз)
Иштөө убактысы 9-00 до 18-00
| Кошумча матариалдар | Өлчөмү |
|---|---|
| konstituciya_russkiy.doc | 167 KB |
| _konstituciya_kyrg.doc | 166.5 KB |
| dekret_vp_no.40_o_referendume.doc | 27.5 KB |
