Москва шаарында Евразиялык патенттик уюмдун штаб-квартирасында Евразиялык патенттик уюмдун Административдик кеңешинин Маалыматтык технологиялар боюнча туруктуу жумушчу тобунун (ЕАПУ АК МТЖТ) жетинчи отуруму болду.
2010-жылдын 25-26-майында болуп өткөн ЕАПУ АК МТЖТнын жетинчи отурумунун ишине Азербайжан Республикасынын, Армян Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Молдова Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажик Республикасынын жана Түркмөнстандын патенттик ведомстволорун көрсөтүүчү адистер катышты. КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынан форумдун ишине Кыргызпатенттин маалыматтык системаларды тейлөө бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Сыдыкбеков катышты.
Отурумдун катышуучулары ЕАПВ тарабынан көрсөтүлгөн Улуттук патенттик ведомстволор аркылуу евразиялык өтүнмөлөрдү электрондук жол менен берүүнүн типтүү долбоорун талкуулашты.
Талкуунун жыйынтыктары боюнча ЕАПУ АК МТЖТ Улуттук патенттик ведомстволор аркылуу евразиялык өтүнмөлөрдү электрондук жол менен берүүнүн типтүү долбоорун жактыруу чечимин кабыл алды.
ЕАПКнын катышуучу мамлекеттеринин патенттик ведомстволорунун Интернетке кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу жөнүндө кабарлоону ЕАПУ АК МТЖТ укту жана Интернет түйүнүнө улуттук патенттик ведомстволорду кошуунун эң төмөнкү ылдамдыгы 256 кбит/секунданы түзө тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алды.
Эгерде кыйла жогору ылдамдык менен кошуу мүмкүндүгү бар болсо, мындай учурда улуттук патенттик ведомстволорго бирдей орточо чыгымдардын принцибинин негизинде кошуунун ылдамдыгы иштелип чыкмакчы.
ЕАПКнын катышуучу мамлекеттеринин патенттик ведомстволору үчүн Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталын түзүү боюнча иштер туурасында маалыматты ЕАПУ АК МТЖТ укту жана статистикалык отчеттордун баштапкы блогун бекитти. Маалыматтарды берүүнүн мезгилдүүлүгүнө жана көлөмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сурам келип чыккандан кийин жана бардык улуттук патенттик ведомстволор менен талкуулаган соң жүзөгө ашырылат.
ЕАПУ АК МТЖТ биргелешкен долборлордо библиографиялык маалыматтарды жана алмашуу үчүн толук тексттерди берүүдө Mimosa продуктуларын пайдалануунун XML-элементтерин пайдалануу ыкмаларын жоюу жөнүндө жана евразиялык патенттик маалыматтык мейкиндикти түзүү жана ЕАПУнун веб-порталын өнүктүрүү боюнча маалыматты укту жана көңүлгө алды.
ЕАПУ АК МТЖТ Беларусь Республикасынын Интеллектуалдык менчик улуттук борборунда жана Азербайжан Республикасында ойлоп табуулар, өнөр жай үлгүлөрү жана пайдалуу моделдер боюнча электрондук бюллетенди чыгарууну жана веб-жарыялоону даярдоонун маалыматтык технологиясын өздөштүрүү тажрыйбасы жөнүндө Беларусь Республикасынын улуттук патенттик ведомствосунун жана ЕАПУнун өкүлдөрүнүн маалыматтарын укту.
Отурумдун катышуучулары улуттук патенттик ведомстволордо маалыматтык технологияларды өздөштүрүү боюнча ЕАПВ жүргүзүп жаткан иштерди жактырышты.
ЕАПВнын өкүлдөрү берилген технологияларды кызыкдар болгон башка патенттик ведомстволорго алардын сурамы боюнча өткөрүп берүүгө даяр экендиктери жөнүндө кабарлашты.
Отурумда эмдиги кезектеги отурумду Москва шаарындагы ЕАПУнун штаб-квартирасында 2011-жылдын биринчи жарым жылдыгы ичинде өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

