• English
  • Кыргызча
  • Русский
Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын эмгек жамааты кесиптик майрам күнүндө акция өткөрөт
Жарыяланган күнү : 
21/05/2010

“Китепкана – окурманга, окурман – китепканага” – ушундай ураандын астында Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын (МПТК) эмгек жамааты 27-майда Кыргыз Республикасынын Китепкана күнүнө арналган акция өткөрөт.

Кыргызстандын китепканачылары өзүлөрүнүн кесиптик майрамы – “Китепкана күнүн” экинчи жылы майрамдап жатышат. Бул күнү китепкана кызматкерлери өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө, демократияны, жарандык коомду орнотууда китепкананын ролу жана мааниси чоң экендигин мамлекеттик мекемелердин чиновниктерине жеткирүүгө аракеттенишет.

Кыргызстандын жарандарынын маданий, билим берүү, илимий-өндүрүштүк ишмердүүлүгүн камсыз кылуунун китепканалык-маалыматтык тутуму, бүгүн, заманбап китепкана эмеректери менен жабдуу, МБТны жайылтуу, фонддорду комплектөө каржыланбаганына, айлыктарынын аздыгына карабастан, айылдык, шаардык, райондук жана облустук жалпы элдик китепканаларда, окуу жайлардын илимий китепканаларында, атайын китепканаларда китепканачылардын каармандык менен эмгектенүүсүнөн улам сакталып турат.

Бул жылы 27-майда боло турган өзүлөрүнүн кесиптик майрамында МПТКнын кызматкерлери “Китепкана – окурманга, окурман – китепканага” акциясын өткөрүшөт.

Бул күнү бул адистештирилген китеп сактоочу жердин кызматкерлери китепканага келүүчүлөргө өзүлөрүнүн китепканалык-маалыматтык кызматын бекер көрсөтүшөт. Өз кезегинде МПТКнын кызматкерлери бул күнү өзүлөрүнүн окурмандарын, алар бир кезде пайдаланып, бирок кайсы-бир себептер менен алиге чейин кайтарып бербеген китепкананын китептери жөнүндө эстөөгө чакырат.

“Биз, бүгүн өзүлөрүнө кереги жок басылмаларды китепканага белек кылуу мүмкүнчүлүгүн тапкан окурмандарга ыраазы болот элек, – дейт акциянын демилгечиси, МПТКнын директору Людмила Алексеевна Баклыкова. – Ал китептер агартуу ишине кызмат кылып, биздин көптөгөн окурмандарыбызга окууда жана иште жардам бермек”.