Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык Мамлекеттик кадрлар кызматы 2011-жылга мамкызматкерлерди окутууга мамлекеттик буйрутманын долбоорун түзүүгө киришүүдө.
Бул максатта мамлекеттик орган тарабынан маморган тутумуна мамкызматкерлердин окууга болгон керектөөлөрүн талдоо зарыл. Керектөө жалпы тармактык багыттар боюнча көрсөтүлүшү керек. Окутуунун тематикасы мамкызматкердин иш-милдетине жана аны аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө ылайык келиши зарыл.
Жогорудагылардын негизинде бөлүмдөрдүн жетекчилеринен 2010-жылдын 14-майына чейин Кыргызпатенттин кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнө кагаз жүзүндө жана электрондук вариантта сиздердин кызматкерлердин окууга өтүнмөлөрүн берүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Өтүнмө усулдук көрсөтмөгө ылайык таризделиши керек, аны сиздер тиркемеден таба аласыздар.
| Кошумча матариалдар | Өлчөмү |
|---|---|
| pass.jpg | 742.23 KB |
| pass0001.jpg | 1.2 MB |
| pass0002.jpg | 1.44 MB |
| pass0003.jpg | 754.93 KB |
| pass0004.jpg | 1 MB |
| pass0005.jpg | 1 MB |
| pass0006.jpg | 693.4 KB |
