Кыргыз Республикасынын кадрдык кызматы Индиялык техникалык жана экономикалык кызматташтык Программасынын алкагында Индия университетинде дасыгын жогорулатуу курсуна катышуу үчүн талапкерлерден документтерди кабыл алууну ишке ашырууда.
Талапкерлерге коюлуучу негизги талаптар:
-25тен 45 жашка чейинки жаш курак;
-жогорку билим;
-5 жылдан кем эмес мамлекеттик башкаруу органдарында иштөө тажрыйбасы;
-англис тилин эркин билүүсү;
-бул программа боюнча курстарга мурда катышпагандыгы.
Үч тандоо туру: документтерди карап чыгуу, англис тилин билүүсүнө тест жана маектешүү караштырылат.
Документтердин тизмеси жана курс жөнүндө маалымат, өтүнмөнүн формасы, талапкерлер үчүн шарттар Мамлекеттик кадрдык кызматынын www.csa.kg расмий сайтында жайгаштырылган.
Документтерди кабыл алуу 2010-жылдын 20-майына чейин жүргүзүлөт.
