• English
  • Кыргызча
  • Русский
Жаш ойлоп табуучулардын форуму
Жарыяланган күнү : 
13/05/2010

Бүгүн 2010-жылдын 13-майында Кыргыз Техникалык Университетинин салтанат залында Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын (КР МИМК) жана Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин колдоосунда Республикалык балдардын инженердик-техникалык академиясы (РБИТА) тарабынан уюштурулган “Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” жаштар симпозиумунун салтанаттуу ачылышы болду.

Симпозиумга республикабыздын бардык аймактарынан жалпы билим берүүчү орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары чогулду, андан сырткары, бул жаштардын илимий-техникалык жетишкендиктеринин кароосуна коңшу Казакстандан балдар катышты.

“Алтын түйүн” РБИТАсынын директору Жаркын Бапанова, форумдун катышуучуларын куттуктап, балдарды демилгелүүлүктөрүнө, чыгармачылык умтулууларына, илимге болгон кызыгууларына ыраазычылык билдирип, бардык кыйынчылыктарга карабастан, алга карай илгерилөө керектигин белгиледи. Бул жылы симпозиумдун алкагында, талапты катуу койгон, бирок адилет калыстар – илимдин ар түрдүү тармагынын профессорлору тарабынан иши бааланган, мектеп окуучуларынын техникалык чыгармачылыгынын салттуу көргөзмөсү өткөрүлөт.

Кыргызпатенттин атынан симпозиумдун ачылышына КР Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматына караштуу Мамлекеттик фонддун директору Зарина Оморова катышты. Ал балдарды бул белгилүү окуя менен куттуктап, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБУ) атайын сертификаты менен “Алтын түйүн” РБИТАсынын жетекчисин жаштардын илимий техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлады, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фондунун Сыйлыгына эң жаш ойлоп табуучу Артур Ибраимов Артур Ибраимов татыктуу болду.

Жаштар симпозиумунун катышуучулары – 12 жаштан 17 жашка чейинкилер. Алардын баары техникалык чыгармачылыкка кызыгышат, бош убактыларын педагогдорунун жетекчилиги менен өзгөчө техникалык үлгүлөрдү жасаган өнөрканаларда өткөрүшөт. Маселен, оштук “Интелллектуалдар” клубунун балдары мугалими – Азат Жакубжановдун жетекчилиги астында гелиоорнотмосунун үлгүсүн жана эң аз дегенде бир турак үйдү электр менен камсыз кылуучу, электр энергиясынын жел генераторунун иштей турган үлгүсүн ойлоп табышкан жана жасап чыгарышкан. Алар дагы экологиялык суу транспортунун үлгүсүн: солярканын ордуна күн энергиясы менен иштеген катер алып келишти. Жаш ойлоп табуучу Жавахир Халмурзаевдин сөзү боюнча, мындай судалар менен курчап турган чөйрөгө зыян келтирбей, Ысык-Көлдө туристтерди тейлесе болот.

“Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” жаштар симпозиуму 2010-жылдын 15-майына чейин улантылат. Симпозиумдун алкагында жаш изилдөөчүлөр жана ойлоп табуучулар үчүн маданий программа: Тарых музейине саякат, майрамдык кечки тамак жана дискотека дагы уюштурулган.