• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин жаңылыктары

Бул дүйнөдө Энелердин майрамынан маанилүү майрам жок!

Жарыяланган күнү : 
18/05/2012

Кыргызпатентте келе жаткан Энелердин күнү менен ведомствонун аялдарын куттукташты! Мекемеде Энелер күнүнө карата “ЭНЕлердин көз карашы жаркысын, биз таттуу торт даярдайбыз, бул дүйнөдөгү бардык ЭНЕлерди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Анткени бул турмушта эң ыйык, түбөлүктүү жана эң жагымдуу сөз – ЭНЕ!” деп аталган девиздин алдында жумалык өткөрүлдү.

Кыргызпатент Энелер күнүнө карата бир катар иш-чараларды өткөрөт

Жарыяланган күнү : 
14/05/2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Назарбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги УП № 93 “Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргызпатенттин иш-чараларынын планын бекитти.

Кыргызпатент Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык жарыялады

Жарыяланган күнү : 
08/05/2012

Кыргызпатенттин төрагасы Марат Назарбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 “Кыргыз Республикасында балдарды, кары адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу боюнча Балдардын эл аралык күнүнө арналган “Биздин балдар – планетанын келечеги!” деп аталган Бир айлыкты өткөрүүнүн планын бекитти.

Жеңиш күнүңүздөр менен!!!

Жарыяланган күнү : 
08/05/2012

1945-жылдын 9-майы улам артта калып баратат, бирок биз мурдагыдай эле эстейбиз…

Урматтуу ардагерлер, Сиздер 45-жылы жеңишке жетишкенсиздер, биз сиздерди эстеп келгенибизди жана эстей берерибизди, тирүү калгандардын эрдиктерине сыймыктанып, курман болгондорду эскерерибизди айткыбыз келет. Бул эсте тутуу биздин жүрөгүбүздө сакталат.

Бүгүн, Сиздер менен бул эң сонун жана кайгылуу майрамды майрамдап жатып, бардыгыңыздарга чың ден соолук, ачык асман, жүзүңүздөрдү күлкү чайып, узак өмүр сүрүшүңүздөрдү каалайбыз!

Кыргыз Республикасынын Конституция Күнү!

Жарыяланган күнү : 
04/05/2012

Кыргыз Республикасынын Конституция Күнү менен бардык кыргызстандыктарды куттуктайбыз!

Бул майрам күнү сиздерге руханий кайраттуулукту, бардык башталыштарда ийгиликтерди жана жаркын келечекти каалайбыз!

Маалымкат:
(булак: http://www.calend.ru/)

Эл аралык илимий-практикалык конференция

Жарыяланган күнү : 
02/05/2012

2012-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик юридика академиясында “Криминалистиканын өнүгүүсүнүн тарыхы, азыркы абалы жана көйгөйлөрү” деген темада Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференция Ганс Гросстун “Соттук тергөөчүлөр, жандармериянын жана полициянын чиндери үчүн колдонмо” аттуу китебинин жарыкка чыгышынын 120 жылдыгына жана Г.Гросс атындагы Окуу-инновациялык криминалисттик комплексинин ачылышына арналды.