• Кыргызча
  • Русский
Жеңиш күнүңүздөр менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Жарыяланган күнү : 
09/05/2011

Быйыл дүйнө жүзү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 65 жылдыгын майрамдайт. Бул майрам биздин кайраттуу элибиз, жеңилбес Куралдуу Күчтөрүбүз үчүн эскерүүнүн жана ар-намыстын символу катары түбөлүккө калат.

9 май — Жеңиш күнү. Көптөн күткөн Улуу Жеңиш күнүн баатырдык менен жакындаткан Мекендин даңктуу коргоочуларын эскерип жана терең урмат-сый көрсөтүү менен, аны биз 65-жолу белгилеп жатабыз. Бүтүндөй дүйнө үчүн алардын жасаган эрдиктеринин жана каржалбас эмгегинин аркасында фашизмдин үстүнөн болгон Улуу Жеңишке жетиштик. Согуштан бардыгы эле аман кайткан жок. Согуштун баатырлары жөнүндө эстелик биздин жүрөктөрдө жашай берет.

Урматтуу биздин ардагерлер, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, оруктун эмгекчилери! Сиздердин бүтүндөй өмүрүңөр - биздин бардыгыбыз үчүн каармандыктын, мекенчилдиктин, туруктуулуктун жана чыдамкайлыктын татыктуу үлгүсү.

Жеңиш үчүн жана жер жүзүндөгү жашоо үчүн, биздин келечегибиз үчүн сиздердин жасаган бардык иштериңер үчүн чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгыбызды кабыл алып коюңуздар. Сиздерге чың ден-соолук, жаркын жана узак өмүр, жылуу мээрим, бакубатчылык жана бакыт каалайбыз. Сиздердин жашооңуздарда капа-кайгы, каатчылык деген болбосун, сиздердин мындан аркы жашооңуздар урмат-сыйдын үстүндө болсун.

Биздин Ата Журттун асманы ачык жана тынч болсун!
Арабызда Сиздер бар болуңуздар!

Бири бирибизди Жеңиш күнү менен куттуктайлы, ал жөнүндөгү эскерүүлөр биздин жүрөктөрдө түбөлүккө кала бермекчи!

Сүрөт BenchMark.kz (www.benchmark.kz/news/pobeda.jpg)