• Кыргызча
  • Русский
Конституция күнүңүздөр менен!!!
Жарыяланган күнү : 
04/05/2011

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди мамлекеттик майрамыңар, Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайбыз!
Бул ар бир жаран үчүн маанилүү майрам, анткени конституция, барыдан мурда, мамлекеттин аймагында адамдын жана жарандын укугун жана эркиндигин бекемдейт эмеспи.

Биз мамлекеттин негизги мыйзамын сыйлап жана сактоо менен жеңип алган укуктарга жана эркиндикке аяр мамиле жасоо менен гана Кыргызстанды гүлдөтүп өнүктүрө алабыз.

Ушул майрам күнүндө биз бардык кыргызстандыктарга бакубатчылыкты, бардык ак ниет башталыштардагы ийгиликтерди жана келечекке ишенимдүү кадамдарды жасоону каалайбыз!

Жакшы каалоо-тилектерибиз менен,

КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын жамааты

Маалымкат:
(ист. www.calend.ru)

1993-жылы 5-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин XII сессиясында Кыргызстан Республикасынын Конституциясы кабыл алынган. Ушул учурдан тартып Кыргызстан Республикасы Кыргыз Республикасы деп аталып калды, ал эми 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин Конституциясы өз күчүн жоготту.

Кабыл алынгандан бери Конституцияга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди, ал төрт жолу түп тамырынан бери редакцияланды (2003-ж. февраль, 2006-ж. ноябрь, 2006-ж. декабрь, 2007-жыл октябрь).

2007-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Конституциянын ноябрдагы жана декабрдагы редакциясынын аракеттерин жойду. Конституциянын 2003-жылдын 18-февралындагы редакциясы кайрадан күчүнө кирди.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 21-октябрындагы Жарлыгына ылайык, жалпы элдик референдум болуп, анда Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев тарабынан сунушталган Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынды, ага 2007-жылдын 23-октябрында кол коюлду. Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү жаңы редакцияланган мыйзам 2007-жылдын 24-октябрында, өлкөнүн расмий басылмасы - “Эркин -Тоо” гезитинде жарыяланган учурдан тартып юридикалык күчүнө кирди.