• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент Жеңиштин юбилейине арналган китеп чыгарды
Жарыяланган күнү : 
06/05/2010

Кыргызпатент Жеңиш күнүнүн 65 жылдыгына карата «Ыйык дүйнө- ыр дүйнө» деген ат менен жыйнак чыгарды. Китеп Улуу Ата Мекендик согушка катышкан чыгармачыл ишмерлерге, ойлоп табуучуларга, акындарга жана жазуучуларга арналды.

Алардын арасында азыркы күндө да чыгармачылык менен иштеп жатышкан акын-жазуучулар – Суйунбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Санжы Егиналиев (Керимбеков), Мамат Жакыпов, Азиз Салиевдер, ойлоп табуучулар – Евгений Зотов, Александр Кармальский жана башкалар бар.

Белгилүү датага чейин жетпей көзү өтүп кеткен, бирок Кыргызстандын интеллекталдык мурасына өзүлөрүнүн чыгармачыл салымдарын кошуп кетишкен 38 каарман авторлордун тизмеси келтирилген. Басылмада согуштагы сүрөттөрү менен согуш жөнүндө эскерүүлөр жана ырлар, ойлоп табуулардын тизмелери жана авторлордун чыгармалары, кыскача өмүр баяндары топтоштурулган.

Жыйнактын түзүүчүлөрүнүн айтымына караганда, «Ыйык дүйнө, ыр дүйнө» китеби – бул мурдагы согуштун катышуучуларына көрсөткөн урмат-сый гана эмес, атактуу аталар жана чоң аталар жөнүндө жаш муундарга эскертүү дагы болмокчу.