Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) өзүнүн логотибин өзгөрттү. ИМБДУнун жаңы логотиби кыйла жеңил графикадагы заманбап дизайн. Ал Уюмдун динамизмин жана новатордук духун чагылдырат жана ИМБДУнун кайра жаралуусунун жана стратегиялык кайра багыт алуусунун символу болуп эсептелет, ИМБДУнун бардык мүчө мамлекеттерине жана кызыкдар болгон тараптарга тааныш болгон ИМБДУнун штаб-квартирасынын имаратынын графикалык сүрөттөлүшүнө негизденген. Көгүш түс БУУ системасына болгон мамилени билгизет.
Логотип ИМБДУнун Конвенциясында караштырылгандай, интеллектуалдык менчиктин жети элементин билдирүүчү параллел кеткен горизонталдуу жети ийри сызыктар түрүндө жасалган.
1. адабий, көркөм жана илимий чыгармалар,
2. артисттердин аткаруучулук ишмердиги, үн жазуулары, радио жана теле берүүлөр,
3. адамдык ишмердиктин бардык тармактарындагы ойлоп табуулар,
4. илимий ачылыштар,
5. өнөр жай үлгүлөрү,
6. товардык белгилер, тейлөө белгилери, фирмалык аталыштар жана коммерциялык белгилер,
7. ак ниет эмес атаандаштыктан коргоо, ошондой эле өндүрүштүк, илимий, адабий жана көркөм тармактардагы интеллектуалдык менчикке тиешелүү башка укуктар.
Жаңы логотиптин бет ачары 2010-жылдын 26-апрелинде болду жана Интеллектуалдык менчиктин эл аралык күнүнө арналды.

