1-Май майрамы эмгекчилердин биримдигин жана жараткыч эмгегин элестетет. Бул майрам жаратылыштын кадимкидей кайра жаңырганы сезилген кездеги жаздын символу болуп эсептелет. Гүлгө оронгон бакчалар жан дүйнөгө ырахат тартуулап, сонун келечекке үмүттөндүргөн кубанычтарга бөлөйт.
Биздин чын дилден чыккан куттуктоолорубузду кабыл алып коюңуздар, ушул жаркыраган сонун күндө сиздерге жаркын маанай, чың ден-соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана эмгектеги зор жетишкендиктерди каалайбыз, анткени ак ниет эмгек – үй-бүлөнүн жана коомдун жыргалчылыгынын негизи эмеспи!
Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга ден-соолук жана бакыт каалайбыз!
Тарыхый маалымкат:
булак Празднуем.Ru
Май майрамдарынын байыртадан келаткан тарыхы бар. Үч миң жыл мурда Байыркы Италиялыктар Май аттуу аял-кудайга – жердин жана түшүмдүүлүктүн колдоочусуна сыйынышкан. Анын урматына жаздын акыркы айын май деп аташкан, ал эми анын биринчи күнүндө салтанаттуу көңүл ачууларды жана майрамдоолорду уюштурушкан.
Эмгекчилердин Тилектештик күнү 1-майдын тарыхы 1889-жылдын июлунан башталат. Анда II Интернационалдын Конгресси Чикагодогу америкалык жумушчулардын капиталисттерге жана эзүүчүлөргө каршы баатырдык күрөшү жөнүндө эстелик кылып ушул ыйык күндү “бүтүндөй дүйнөлүк пролетариаттын” жыл сайын майрамдап туруусу жөнүндө чечим кабыл алган.
Коммунисттер 1-Майды биринчи жолу 1890-жылы Варшавада белгилешкен. Совет мезгилинде факт жүзүндө мамлекеттик майрам болуп калган 1-Майды бүткүл дүйнөнүн жумушчулары менен тилектештик үчүн гана эмес, май майрамдары, Жеңиш күнү эң сонун эмгектик салттар жөнүндө жана өткөн согуш жөнүндө эскерүүгө, бакча айдап, картошка, сабиз жана пияз сепкенге мүмкүндүк бергендиги үчүн сүйүшө турган.
Мурдагы чыгыш демократияларынын өлкөлөрү ЕСга жана НАТОго кабыл алынышты жана 1-Майды колонналарга туруп, гүлдөр менен партиялык колдоолор астында трибуналардын жанынан өтүп белгилөөнү унутуп калышты. Мурдагы СССР республикаларында бардыгы башкача: Казакстанда 1-Май Казакстан элдеринин биримдигинин күнү катары майрамдалат. Киевде бул күнү коммунисттер аянтка чыгышат, ал эми эл болсо токойго барып шишкебек жасашат.
Кээ бир өлкөлөрдө 1-Май мурдагыдай эле мамлекеттик майрам. Мисалы, Түштүк Африка Республикасында (ТАР) Тилектештик күнү бийликтин колдоосу астында өткөрүлөт. Профсоюздар эл чыгармачылыгынын буюмдарынын көргөзмөлөрүн, арзандатылган баадагы кеңири керектелүүчү товарларды сатууну жана өздүк көркөм чыгармачылыгынын жана машыккан музыкалык жамааттардын концерттерин уюштурушат.
Сицилияда кичинесинен чоңуна чейин биринчи май мүнүндө талаа ромашкаларын теришет, алар жергиликтүүлөрдүн ишениминде бакыт алып келет экен. Испанияда 1-Май Бардык гүлдөрдүн майрамы болуп эсептелет. Берлин полициясы үчүн 1-Май календардын кызыл эмес, кара күнү. Көптөгөн партиялар жана кыймылдар бул күнү сөзсүз түрдө мушташтар менен бүтүүчү митингдерди өткөрүшөт, ал эми солчулдар менен экстремисттер-антиглобалисттер немец шаарларынын бай жана этникалык кварталдарында талкалоолорду уюштурушат.
Прагматик америкалыктар 1-Майда иштешет. Европа өлкөлөрү дагы америкалык жумушчуларды эскеришпейт. Бирок Англияда 1-Май – дем алуу күнү. 1977-жылы лейбористтик партия бийликте болгондо бул күн мамлекеттик майрам болуп калгандыгы консерваторлорду күтүүсүз абалга алып келген. “Мына эми күткөнүбүз келди – эми жакында бизде да социализм болот”, – деп жазган лондондук «Таймс».

