29-30-апрелде Алма-Ата шаарында (Казакстан) “Борбордук Азияда Internet CA-2010 Интернет-чөйрөсүн өнүктүрүү” Форуму өтөт. Иш-чаранын уюштуруучусу катары Астанадагы Конрад Аденауэр атындагы фонддун, ОБСЕ борборунун колдоосу астында MediaNet эл аралык журналистика борбору, Казакстандын Медиалык Альянсы чыгат.
Форумдун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү Интернетти өнүктүрүү маселелери талкууланат. Иш-чарага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, парламентарийлер, дипломаттар, Интернет-коомчулуктардын активистери, ӨЭУ, журналисттер, юристтер, интернет-эксперттер, Кыргызстандын, Казакстандын жана Литванын академиялык чөйрөсүнүн жана бизнес өкүлдөрү катышат.
Форумдун ишине КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директорунун кеңешчиси Нурлан Баяман катышып жатат. Өзүнүн иш долбоорунун бет ачарында ал маалыматтык-технологиялык байланыш чөйрөсүндө орун алган көйгөйлөр жөнүндө, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктардын ылайыксыз аткарылуу коркунучу жөнүндө, ошондой эле ИМ боюнча жагдайды жакшыртуу жана сактоо үчүн ведомство тарабынан кабыл алынган чаралар тууралуу айтып берди.
“Интеллектуалдык менчик маанилүү болуп эсептелет, анткени интернетте сатылуучу баалуу объектилер коопсуздуктун техникалык системаларын пайдалануу менен корголушу керек, болбосо алар уурулуктун жана каракчылыктын предмети болуп калат, ал эми бизнес болсо жакырланышы мүмкүн”, – деп белгиледи Нурлан Баяман.
Кыргызпатенттин өкүлү өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө интеллектуалдык менчик менен интернеттин ортосундагы өз-ара байланыш темасын козгоду жана алардын: автордук укуктун, товардык белгилердин жана домен наамдарынын ортосундагы болуп жаткан чектештик учурларын көрсөттү. Баяндамада ал ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатында пайда болуучу талаш-тартыш жагдайларды чечүүдөгү арбитраж жана ортомчулук боюнча Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) борборунун ролун баса белгиледи.
Андан тышкары Нурлан Баяман Интернетти колдонууга байланышкан интеллектуалдык менчиктин ээлеринин укуктарынын бузулушунун кээ бир себептерине токтолду.
Кошумча матариалдар Өлчөмү
| Кошумча матариалдар | Өлчөмү |
|---|---|
| presentation_kp.ppt | 92 KB |


