• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин өкүлү ИМБДУнун Комитетинин отурумуна катышты
Жарыяланган күнү : 
27/04/2010

Кечээ, 2010-жылдын 26-апрелинде, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Женевадагы (Швейцария) штаб-квартирасында Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү боюнча комитеттин отурумунун биринчи күнү болду. Бул иш-чарага Кыргызстандын өкүлү катарында Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Рахат Сабырбеков катышты.

ИМБДУнун Жетекчилиги Кыргызстандагы жакында болуп өткөн трагедиялуу окуяларга байланыштуу өзүнүн тынчсыздануусун билдирди, бирок КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын өкүлү Рахат Сабырбеков ИМБДУнун башкы директору господин Френсис Гарри менен болгон жолугушуусунда Кыргызпатент республиканын башка мамлекеттик ведомстволорунун катарында баштагыдай эле режимде иштеп жаткандыгын белгиледи.

Кавказдын, Борбордук Азиянын, Чыгыш Европанын өлкөлөрүнүн тобу боюнча ИМБДУнун аймактык координатору катарында Кыргызпатенттин өкүлү отурумдун төрагалыгына Бангладеш Республикасынан келген делегаттын талапкерлигин көрсөттү. Сунуш отурумдун катышуучуларынын көпчүлүгү тарабынан колдоого алынды.

Өзү чыгып сүйлөгөн учурда Рахат Сабырбеков Кыргызстандын өкмөтү экономикалык өнүгүүнүн куралы катарында интеллеткуалдык менчикке зор маани бере тургандыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу процесси жөнүндө айтып берди.

Ошол эле күнү Рахат Сабырбеков ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча бөлүмүнүн башкы юридикалык кеңешчиси Сергей Зотин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө патент боюнча туруктуу комитеттин маселелери, ошондой эле Кыргызстандагы салттуу билимдерге тиешелүү маселелер талкууланды.