• English
  • Кыргызча
  • Русский
Интеллектуалдык менчик 2010 күнүн майрамдоо!
Жарыяланган күнү : 
26/04/2010

Бүгүн, 26-апрелде, КРнын Улуттук китепканасынын жыйындар залында Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болду. Ага Кыргызпатенттин жетекчилери жана кызматкерлери, илимдин, маданияттын жана искусствонун ишмерлери, көрүнүктүү ойлоп табуучулар жана рационализаторлор, патент таануучулар, ЖОЖдордун студенттери катышышты.

“Бул салтанаттуу дата биздин өлкөнүн жана анын жарандарынын башына оор мезгил келип турган учурга туш келди, – деп айтты, салтанатты ачып жатып Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын (МИМК) статс-катчысы Бакыт Кененбаев. – Бардыгы менен бирге эле биз дагы жакынкы убакытта болуп өткөн капсалаңдуу окуяларда курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөбүз жана анда жаракат алган мекендештерибиздин сакайып кетишине тилектештигибизди билдиребиз, ошондой эле тынчтыкты жана ынтымакты орнотуу, жаратуу ишмердиги үчүн тез арада биригип алга карай адымдоого чакырабыз”. Иш-чара башталаардын алдында Кыргызпатенттин кызматкерлери 7-апрелдеги окуяларда курман болгондорду эскеришип, өкмөт үйүнүн алдындагы аянтка барып гүл коюшту.

Майрамдык иш-чаранын эң негизги окуяларынын бири Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Алтын медалдарын тапшыруу болду. Быйыл кадыр-барктуу ушул эл аралык сыйлыкка биздин төрт мекендештерибиз ээ болушту.

Адабият жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн – Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз Эл акыны, бир катар улуттук жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Анын кыргыз тилине которуусундагы А.Твардовскийдин “Василий Теркин” аттуу чыгармасы кыргыз адабиятындагы көркөм поэтикалык котормонун мыкты үлгүлөрүнүн бири болуп эсептелет. С.Эралиевдин чыгармалары көп тилдерге которулган, ал эми “Жылдыздарга саякат” поэмасы 1967-жылы Югославияда басылып чыккан.

Ойлоп табуучулуктагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн – Сабырбек Жумабеков, белгилүү хирург-ортопед, дарылоонун уникалдуу ыкмаларынын автору, КРнын Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору, башкы ортопед-травматолог, КММАнын Травматалогия, ортопедия жана экстремалдык хирургия кафедрасынын башчысы.

Музыкалык искууство жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн – Бактыбек Алишеров, композитор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын, “Жылдын тандоосу – жылдын адамы” сыйлыгынын, «Жылдын мыкты композитору» сыйлыгынын ээси, Кыргыз мамлекеттик тилинин гимнинин жана Кыргызстан жаштар гимнинин, чоң формадагы чыгармалардын, кинофильмдерге музыкалардын жана белгилүү ырлардын автору.

Аткаруу жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн – Бактыбек Шатенов, белгилүү аткаруучу, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын ырчысы, музыкачы жана «Камбаркан», «Ордо-Сахна» сыяктуу белгилүү фольклордук ансамблдердин ырчысы.

Эгемендик жылдары ичинде, атактуу сөз зергери Чыңгыз Айтматов, белгилүү аткаруучу, залкар комузчу Самара Токтакунова, К.Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру Сардарбек Джумалиев, Кыргыз Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков, композитор Муратбек Бегалиев, окумуштуу ойлоп табуучу Владимир Энгельшт жана башка кыргызстандыктар ИМБДУнун алтын медалдарынын ээлери болуп калышты.

Андан тышкары, жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ИМБДУнун атайын сертификаты менен «Алтын Туйун» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы сыйланды. Сыйлыкты Кыргызстандагы ПРООНдун туруктуу өкүлүнүн орун басары Султан Гаджиев тапшырып, салтанаттын ээлерин жана бардык чогулгандарды, чыгармачыл новаторлорду майрамдары менен куттуктады.

Салт боюнча Интеллектуалдык менчик күнүнүн урматына чыгармачылык жана ойлоп табуучулук активдүүлүктү жогорулатуу үчүн Кыргызпатенттин атынан көрүнүктүү новаторлорго, маданият жана искусство ишмерлерине Ардак грамоталар жана бир жолку жеке стипендиялар тапшырылды. Кыргызпатенттин статс-катчысы Бакыт Кененбаев ИМдин Мамфондунун чечимине ылайык МИМКнын жыл сайынкы бир жолу жеке берилүүчү стипендияларын төмөндөгү он мыкты авторлорго жана ойлоп табуучуларга тапшырды.

Авторлор:

1.Сабыр уулу Буудайбек – Жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, фольклорчу;
2.Сыдыков Базарбек Кимбилдиевич – Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, скулптор, И.Арабаев атындагы КМУнун “Сүрөт искусствосу жана дизайн” кафедрасынын доценти;
3.Карагулов Бакыт Назаркулович – КРнын Эл артисти, Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директору, режиссер, коюучу;
4.Үкүев Дүйшөн Такырбашевич – обончу аткаруучу, Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын артисти;
5.Бакчиев Талантаалы Алымбекович – фил.ил.кандидаты, И.Раззаков атындагы КТУнун “Философия жана социалдык илимдер” кафедрасынын доценти, КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү, манасчы.
Ойлоп табуучулар:

1.Мухутдинов Камалитдин Шамсутдинович – КРнын УИАсынын Автоматика институтунун Автоматтык башкаруу системалары лабораториясынын улук илимий кызматкери.
2. Ешиев Абдыракман Молдалиевич – мед.ил.канд., Оштогу областтар аралык бириккен клиникалык оорукананын жаак-бет хирургиясынын врачы.
3.Ботбаев Алмазбек Аскерович – мед.ил. канд., КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу №1 Улуттук аскер ооруканасынын Көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн врач-офтальмологу.
4.Джапаралиев Нурлан Тынчтыкбекович – А.Дүйшеев атындагы Кыргыз улуттук мал чарба, ветеринария жана жайыттар институтунун Вирусология жана биотехнология бөлүмүнүн улук илимий кызматкери.
5.Ибрагимов Артур Максимович – жаш ойлоп табуучу, «Алтын-Түйүн» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын тарбиялануучусу.
Ошондой эле интеллектуалдык менчик системасындагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргызпатенттин кызматкерлери татыктуу сыйлыктарды алышты.

«Патент кызматынын отличниги» төш белгиси менен төмөндөгүлөр сыйланышты:

1.Куттубаева Анара Ашкеновна – Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн эксперттөө бөлүмүнүн эксперти;
2. Осмоналиева Тинатин Бейшеевна – Товардык белгилерди эксперттөө бөлүмүнүн эксперти;
3. Аильчиев Шамиль Кылычбекович – изилдөө бөлүмүнүн эксперти;
4. Кунакунов Акылбек Марисович – Инспектордук бөлүмдүн улук инспектору;
5. Хайленко Валентина Васильевна – Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын интеллектуалдык менчик объектилери боюнча башкы китепканачы-кеңеш берүүчүсү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Ардак грамоталарын төмөндөгүлөр алышты:

1. Нурматова Аяна Шафиковна – кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси;
2. Исакова Замира Турубековна - материалдарды даярдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
3. Бейшенова Бакыт Койчукеевна - полиграфия бөлүмүнүн адиси;
4. Кедейматова Мээрим Байтиковна – укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
5. Карпушевич Светлана Витальевна – Эксперттөө башкармалыгынын Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн эксперттөө бөлүмүнүн эксперти;
6. Оморбекова Динара Акматбековна – Эксперттөө башкармалыгынын Селекциялык жетишкендиктерди жана салттуу билимдерди эксперттөө секторунун эксперти;
7. Сульпиева Гульзада Токтоналиевна – мамреестрлер бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
8. Койчуманова Акинай Акатаевна – Административдик-чарба башкармалыгынын Имараттарды тейлөө жана күндөлүк оңдоо иштери боюнча жумушчусу.
Бул күн республиканын ЖОЖдорунун студенттери үчүн дагы эсте калаарлык болду. Кыргызпатенттин дипломдорун жана бир жолку энчилүү стипендияларын республиканын ар кайсы ЖОЖдорунун келечектүү он студенттери алышты. Жаңы муундун новаторлорунун өкүлдөрү үчүн мурдагы жылдардагы ИМБДУнун Алтын медалынын ээлери – техникалык илимдердин доктору, ойлоп табуучу Игорь Бочкаревдун жана атактуу Карамолдо Орозов атындагы оркесрдин дирижеру Сардарбек Жумалиевдин колдорунан сыйлыктарды алуусу өзгөчө жагымдуу болду.

Гуманитардык багытта:

1.Мусаев Баласагын Усеинбекович – Кыргыз Улуттук Консерваториясынын Фортепианолук-теория факультетинин 2 курсунун студенти;
2.Пак Дмитрий Дмитриевич – Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин 2-курсунун студенти;
3.Боржиев Урматбек Арстанбекович – И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Педиатрия факультетинин 5-курсунун студенти;
4.Соорова Жылдыз Эсеналыевна – Баткен мамлекеттик университетинин Гуманитардык-педагогикалык факультетинин 4-курсунун студенти;
5.Жаналиева Гузеля Маратовна– К.Карасаев атындагы БГУнун Экология жана менеджмент факультетинин 2-курсунун студенти.

Техникалык багытта:

1.Непомнящая Галина Сергеевна – КРСУнун Архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин 5-курсунун студенти;
2.Мирфайзиева Азиза Адыловна – И.Раззаков атындагы КМТУнун Технология факультетинин 4-курсунун студенти;
3.Турдалиев Нурлан Иманжапарович – «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин Инженердик факультетинин 4-курсунун студенти;
4.Жантаев Кайрат Сүйүндүкович – Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык факультетинин 4-курсунун студенти;
5.Маматов Нургазы Кубатбекович – К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин Экономика жана бизнес факультетинин 2-курсунун студенти.

Майрамга «Ордо-Сахна» фольклордук-этнографиялык театрдын, ошондой эле көрүнүктүү аткаруучу, эми болсо ИМБДУнун Алтын медалынын ээси Бактыбек Шатеновдун аткаруусундагы эң сонун концерттик номерлер жана белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованын кайталангыс алып баруучулук чеберчилиги өзгөчө ажайып шаң кошуп турду.

Улуу Жеңиштин 65 жылдыгынын урматына Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары Сүйүнбай Эралиевге жана Сооронбай Жусуевге арнап, жаш таланттуу аткаруучу Нурлан Маданбеков “Жеңиш күнү” аттуу композицияны аткарып берди.