Кыргызпатент КРнын Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасы (МПТК) менен бирдикте борбордук мектептердин 10-класстарынын окуучулары үчүн “Интеллектуалдык менчик” деген темада викторина өткөрөт.
Бул иш-чара 26-апрелде жыл сайын белгилене турган Интеллектуалдык менчиктин Улуттук жана Эл аралык күнүнө арналалды.
Жогорку класстардын окуучуларына викторинага катышуу жана интеллектуалдык менчик жаатында өз билимдерин текшерүү, ошондой эле интеллектуалдык оюндарда жана плакаттардын сынактарында өздөрүн көрсөтүү сунуш кылынат.
Бардык катышуучулар Кыргызпатенттен эстелик белектерди, ошондой эле сертификаттарды алышат.
Дарек: ГПТБ Бишкек ш., Эркиндик багы, 58а
Күнү жана убактысы: 2010-жыл 26-апрель 10:00
Бардык суроолор боюнча сиздер төмөнкү телефонго кайрыла аласыздар: 62-58-94
