• Кыргызча
  • Русский
Жогорку класстардын окуучулары ИМ тармагында билимдерин көрсөтүштү
Жарыяланган күнү : 
20/04/2010

Бүгүн, 2010-жылдын 20-апрелинде үч борбордук мектептердин онунчу класстарынын окуучулары “Интеллектуалдык менчик” аттуу сынакка катышышты. Анын уюштуруучулары Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын (МПТК) жана Кыргызпатенттин кызматкерлери болушту.

Бул окуяга уюштуруучулар жана катышуучулар алдын ала даярдыктарды көрүштү. МПТКнын адистери долбоор жазышты жана АКШнын Мамлекеттик Департаментинин билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн грант алышты, интеллектуалдык менчик объектилери боюнча эскерткичтерди түзүштү жана аларды гранттын каражаттарына кыргыз жана орус тилдеринде басып чыгарышты. Жеткиликтүү тилде, белгилүү формада товардык белги, тейлөө белгилери, фирмалык аталыштар жана башка интеллектуалдык менчик объектилери жөнүндө баяндамаларды камтыган бул кооздолуп жасалгаланган буклеттер балдар жана мектеп китепканаларына берилди.

Сынак үч этаптан турду: викторинадан жана слайддык бет ачарлар формасында өткөн интеллектуалдык оюндан, андан соң – плакаттардын сынагынан. Ат салышууга борбордук үч: 29-, 38- жана 68- мектептердин командалары катышты.

Биринчи этапта балдар жооптордун үч вариантынан бирөөнү тандап алуулары керек болду. Бул жерде викторинанын катышуучулары өзгөчө кыйынчылыктарга кабылышкан жок: бардыгы интеллектуалдык менчик, ойлоп табуучулук же фирмалык аталыштар сыяктуу түшүнүктөргө жетишээрлик ишенимдүү багыт алышты. Анткен менен кийинки этап – интеллектуалдык оюн алардан жетишээрлик олуттуу билимдерди жана теманы терең түшүнүүнү талап кылды. Кээ бир суроолор ИМ маселелеринде такшалган чоң адамдардын дагы шаштысын кетирди. Мисалы, жаш эрудиттер дүйнөнүн ондогон көрүнүктүү ойлоп табуучуларынын ысымдарын санап беришти. Бирок, ата мекендик новаторлордун бирин да эстей алышпады. Демек, ата мекендик китептерди түзүүчүлөр ушунун үстүндө иштеши керек экен, анткени Кыргызстандын тарыхында таанылган ойлоп табуучулар болуп эсептелүүчү көптөгөн көрүнүктүү селекциячылар, инженерлер, химия, медицина жана билимдин башка тармактарында адистер болгон жана азыр дагы бар эмеспи. Бул жерде дагы Кыргызпатенттин адистери жардамга келишти. МИМКнын директорунун орун басары Данияр Сыдыков жана Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Зина Исабаева балдардын билимдеринин кемчиликтерин жоюуга жардам беришти жана ата мекендик ойлоп табуучулар жана ИМБДУнун Алтын медалынын лауреаттары жөнүндө айтып беришти.

Акыры, корутундулоочу этаптын жүрүшүндө сынактын катышуучу командаларынан өз мектебинин логотибин жана ураанын түзүү үчүн практика жүзүндө ойлоп табуучулукту жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү көрсөтүү сунушталды. Натыйжада оригиналдуу графикалык чыгармалар гана эмес, жашоого жөндөмдүү болгон: “Дайыма жаша жана оку”, “Билимдердин канаттарында” жана “Өткөнсүз келечек болбойт” деген сыяктуу эмгектер жаралды.

Сынактын жыйынтыгы боюнча мыкты натыйжаларды 68-мектептин окуучулары көрсөтүштү. Алар китептерди белекке алышты. Эң активдүү катышуучулар дагы сыйлыктан четте калышкан жок. Андан тышкары, алардын ар бири МПТКнын сертификаттарын, Кыргызпатенттин логотиби бар футболкаларды жана интеллектуалдык менчик объектилери жөнүндө эскерткичтерди эстеликке алышты.

“Бул совет мезгилинен кийинки мейкиндикте окуучулар менен өткөрүлүп жаткан иш-чаранын биринчи тажрыйбасы, – деп айтты МПТКнын директору жана викторинанын демилгечиси Людмила Баклыкова. – Жакынкы күндөрдө мындай сынактар республиканын аймактарында өткөрүлөт. Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин грантынын жардамы менен, аларды республиканын бардык аймактарында жайылтуу үчүн жетишээрлик сандагы эскерткичтерди чыгардык. Эгерде кыргызстандыктар жаш кезинен баштап интеллектуалдык менчик жөнүндө билим алса, анда жыл өткөн сайын алар интеллектуалдык менчикти жана автордук укукту сыйлаганга үйрөнүшөт. А балким, ушундай жолугушуулар кимдир бирөөлөр үчүн жеке чыгармачылыгын өстүрүүгө түрткү болоор”.