Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду Америкалык соода палатасы менен кызматташтыкта Orion Group International LLCтин демөөрчүлүк колдоосу астында “Жазгы палитра” аттуу жаш сүрөтчүлөрдүн чыгармаларынын көргөзмөсүн уюштурат.
Көргөзмөнүн максаты - анын ар түрдүү багыттарында иштешкен Кыргыз Республикасынын сүрөт искусствосунун таланттуу жаш чеберлерин колдоо, шыктандыруу жана жаш сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык дареметине өбөлгө түзүү, искусствонун өнүгүшүнө жардам берүү жана жаштар арасында сүрөт чыгармачылыгын жайылтуу.
Orion Group International LLC өлкөнүн чыгармачыл жаштарын шыктандыруу максатында көргөзмөнү уюштурууга 22 миң сом бөлүп берди. Биздин жаш таланттарыбызга колдоо көрсөткөн бизнес-коомдоштукка ыраазычылык билдиребиз.
Көргөзмө 2010-жылдын 20 - 29-майында Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт музейинде өтөт (дареги: Абдрахманов көчөсү, 196).
Маалымкат:
Orion Group International, LLC эл аралык курулуш консалтингдик фирма. Компаниянын башкы кеңсеси Вашингтондо (АКШ) орун алган.

