• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатентте товардык белгилерди укуктук коргоо маселелерин талкулашат
Жарыяланган күнү : 
12/04/2010

Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (МИМК) ИМдин Эл аралык жана Улуттук күнүн белгилөөнүн алкагында апрель айына пландаштырылган интеллектуалдык менчикти коргоонун актуалдуу маселелерин талкуулоо боюнча иш-чаралардын сериясын өткөрүүнү улантат.

Ошентип, 14-апрелде Кыргызпатенттин жыйындар залында “Товардык белгилерди, фирмалык аталыштарды укуктук коргоо маселелери” деген темада “тегерек стол болот”. Анын ишине бизнес-коомдоштуктардын, өкүлдөрү, юристер, патенттик ишенимдүү өкүлдөр катышат. Алар МИМКнын адистери менен бирдикте натыйжалуу мыйзамдык камсыз кылуу, укуктук колдонуучулук практика жана товардык белгилер менен фирмалык аталыштарды коргоо ишиндеги колдонулуп жаткан жол-жоболор маселелерин талкуулашат.