• English
  • Кыргызча
  • Русский
Япониянын JICA агенттиги Кыргызпатенттин ИМ жаатындагы долбоорлорун колдоого даяр
Жарыяланган күнү : 
05/04/2010

2010-жылдын 2-апрелинде Кыргызпатенттин имаратында Мамлекеттик ИМ кызматынын жетекчилигинин Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.

Эске салсак: ушул жылдын 19 февралында Кыргызпатентке башында JICAнын Кыргызстан менен Казакстандагы туруктуу өкүлү господин Хидэаки Маруяма турган Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин делегациясы биринчи жолу келген. Азыркы жолугушуу ошондо башталган сүйлөшүүлөрдүн түздөн-түз уландысы болуп калды.

JICA делегациясынын курамында JICAнын Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Ешимура Токуджи, долбоорлорду калыптандыруу боюнча кеңешчи Мурао Аяко, IT боюнча саясаттын кеңешчиси Саваике Таэко болушту. Кыргызпатент тараптан жолугушууга МИМКнын статс-катчысы Бакыт Кененбаев, Интеллектуалдык мүлктүн Мамфондунун директору Зарина Оморова, ИМ объектилерин мониторингдөө жана коммерциялаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Насыр Жакыпбек уулу жана Укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн башкы адиси Гульназ Асакеева катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө JICA менен Кыргызпатенттин техникалык кызматташтык мүмкүндүгү талкууланды. Андан тышкары, Кыргызпатентке технологиялардын трансфер жана инновацияларды башкаруу чөйрөсүндөгү япон эксперттерин, ошондой эле маалымат технологиялар жаатындагы адистерин жиберүү жөнүндө маселе каралды.

Ошондой эле Автордук жана чектеш укуктарды каттоо сектору үчүн программалык камсыз кылууну берүүгө жардам көрсөтүү мүмкүндүгү каралды. Бул программалардын, жол-жоболордун жана эрежелердин жыйындысы, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу системасын иштетүүгө тиешелүү болгон документтер бөлүмдүн ишин бир кыйла жеңилдетет.

JICA адистери кызматташтыктын мындан аркы багыттары боюнча МИМКнын өкүлдөрүнүн сунуштарын жазып белгилеп коюшту жана долбоордук өтүнмө даярдоону сунуш кылышты. Ушуга жардам берүү үчүн JICA агенттиги Кыргызпатенттин кызматкерлери үчүн атайын тренинг уюштурмакчы болду.