• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин өзүнүн «Оскары» болобу?
Жарыяланган күнү : 
05/04/2010

Кыргызпатенттин кезектеги брейнстормингинде патенттерди алуу үчүн өтүнмөлөрдү берүүдө эң чоң активдүүлүктү көрсөткөн, ата мекендик соода маркаларын тышкы базарга жылдырып жаткан жана жаштар арасында ИМ жаатындагы билимди белгилүү кылып жаткан компаниялар жана уюмдар үчүн Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын атайын сыйлыгын уюштуруу жөнүндө маселе талкууланды.

Кыйла маанилүү маселелерди жамааттык талкуулоонун “Мээ чабуулу” сыяктуу формасы Кыргызпатентте жакындан бери жакшы салтка айланып калды жана мекеменин жетекчилигинин ар тараптан колдоосуна ээ болууда. Ар аптанын жума күндөрү жумуш күнүнүн аягында болуп туруучу брейнстормингдерге мекеменин кызыкдар болгон кызматкерлеринин бардыгы катыша алышат.

Бул жолу брейнстормингиндин катышуучулары жыл жыйынтыктары боюнча интеллектуалдык мүлктү пайдалануу чөйрөсүндө мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн компанияларга жана уюмдарга бериле турган МИМКнын атайын сыйлыгын уюштуруу жөнүндө маселени карашты.

Сыйлыкты Кыргызпатенттин символикасын элестеткен статуэтка түрүндө жасоо болжоштурулууда. Келечектеги фирмалык “Оскардын” аталышынын «Алтын Мончок» жана «Алтын Тумар» деген сыяктуу бир нече варианттары сунушталды. Сыйлоо үчүн талапкерлерди аныктай турган номинациялар да талкууланууда. Алар төмөндөгүдөй алты багытта болот деп болжолдонууда: “Кыргызпатенттин мыкты өнөктөшү”, “Мыкты чет өлкөлүк өтүнүүчү”, “Мыкты улуттук өтүнүүчү”, “Чет өлкөдөгү мыкты кыргыз бренди”, “Инновациялар – базарга” жана республиканын окуу жайлары үчүн атайын сыйлык – “Интеллектуалдардын устаканасы” .

“Бул сыйлыктын максаты, – деп жаңылыкты баяндап берди МИМКнын директору Улан Мелисбек, - интеллектуалдык мүлктүн ар түрдүү объектилери боюнча Кыргызпатентке өтүнмө берүүгө өбөлгө түзүү. Биз бул тажрыйбаны Түркиянын Патент институтунан, ушуга окшогон сыйлыктарды тапшыруу аземине катышуу үчүн кесиптештердин чакыруусу боюнча Анкарага барып келгенден кийин үйрөндүк. Бул башталыштар биздин өнөктөштөрдүн жана биздин мекеменин кардарларынын активдүүлүгүнүн өсүшүнө гана өбөлгө түзбөстөн, биздин коомдо ИМ маселелерин кеңири белгилүү кылууга кызмат кылат деген ишеничтебиз”.