2010-жылдын 26-апрелинен 5-майына чейин Женевада (Швейцария)Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (БСУ) жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) мамлекеттик кызматкерлер үчүн интеллектуалдык менчик боюнча курстарды өткөрөт.
Окутуу курсунун негизги максаты, өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн жана өткөөл экономикадагы өлкөлөрдөн келген мамлекеттик кызматкерлердин ИМБДУнун жана БСУнун ишмердиги жана куралдары жөнүндө маалыматтулугунун деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет.
Тренинг учурунда катышуучулар ортосунда төмөндөгү багыттар боюнча маалымат жана пикир алмашуулар мүмкүндүгү берилет: эл аралык саясат баяндамасы жана ИМ жаатындагы мыйзамдар, ИМ жана экономикалык өнүктүрүү, автордук укук жана чектеш укуктар, товардык белгилер, патенттер, ИМ укуктарын жүзөгө ашыруу, технологияларды өткөрүп берүү, ИМ жана атаандаштык саясаты, ИМ жаатында мүмкүнчүлүктү түзүү, биотехнология, салттуу билимдер жана фольклор.
Өнүгүп жаткан жана өткөөл экономикадагы өлкөлөрдөн келген катышуучулар үчүн 20 орун бөлүнгөн.
Катышуучуларга талаптар:
- англис тилин жогорку деңгээлде билүү;
- ИМ чөйрөсүндөгү 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
Өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү 2010-жылдын 27-февралы.
Кеңири маалымат алууну каалагандар төмөндөгү шилтеме боюнча таанышса болот:
http://www.wto.org/english/tratop_e/devel_e/train_e/course_details_e.htm
