• Кыргызча
  • Русский
Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнү
Жарыяланган күнү : 
30/03/2010

Жыл сайын 26-апрелде интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнү белгиленет.

Адамдардын көпчүлүгүнө интеллектуалдык менчиктин (ИМ), атап айтканда автордук укуктун, инновациялардын, ойлоп табуулардын жана товардык белгилердин бар экендиги белгилүү.

Бирок, али да болсо, көпчүлүгү бул түшүнүктү бизнес жана укук чөйрөсүнө тиешелүү жана алардын жашоосу үчүн актуалдуулугу аз деп эсептешет. Ушул кемчиликти жоюу үчүн 2000-жылы ИМБДУнун мүчө өлкөлөрү Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнүн уюштурууну жана жыл сайын белгилөөнү чечишкен. Бул үчүн алар 26-апрелди – 1970-жылы ИМБДУну уюштуруучу Конвенция күчүнө кирген күндү тандап алышкан Бул дата биздин өлкөдө дагы Интеллектуалдык менчиктин Улуттук күнү катары аныкталган. Ошентип, быйылкы жылга Интеллектуалдык менчик күнүнүн эки юбилейи туш келди: ушул майрамдын уюшулгандыгынын 10 жылдыгы жана ИМБДУнун Конвенциясынын 40 жылдыгы.

ИМБДУ жана анын мүчө өлкөлөрү жыл сайын ушул датага арналган жолугушууларды, иш-чараларды, кампанияларды өткөрүү менен Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнүн белгилешет. Алардын максаты – ИМ деген иш жүзүндө эмне экендигин элдин кеңири катмарына жакшыраак түшүндүрүүгө жетишүү жана ИМ системасы музыканы, искусствону жана көңүл ачуу индустриясын өкүктүрүүгө гана эмес, бизди курчап турган чөйрөнүн жүзүн аныктоочу бардык товарларды жана инновациялык технологияларды жаратуга кандайча өбөлгө түзөөрүн көрсөтүү.
ИМдин Эл аралык күнүнүн максаттары төмөндөгүлөрдө турат:

- патенттер, автордук укук, товардык белгилер жана үлгүлөр күндөлүк турмушка кандайча таасир тийгизе тургандыгы жөнүндө маалыматтуулуктун деңгээлин көтөрүү;

- ИМ укуктарын коргоо чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө кандайча өбөлгө түзөөрүн түшүндүрүү;

- бүтүндөй дүйнөдөгү коомдорду өнүктүрүүгө авторлордун чыгармачылыгынын жана новаторлордун кошкон салымын таануу; үчүнчү жактардын ИМ укуктарын сыйлоосун шыктандыруу.

Ар бир жылда Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнү белгилүү бир актуалдуу темага арналат. Өткөн жылы климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөш боюнча өнүктүрүү жана технологиялык каражаттарды жайылтуу маселелерине арналган – «Жашыл инновациялар» деген тема болгон. Бул жолу коомчулуктун көңүлүн билимдерди алмашуу, инновацияларды алга жылдыруу, технологияларды өткөрүп берүү маселелерине буруу менен, Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнү «Дүйнөнү инновациялар бириктирет» деген ураан астында өтмөкчү.
Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш 2010-жылдын 27-апрелинде «Vefa» соода борборунун жыйындар залында болот.