• Кыргызча
  • Русский
Товардык белгилер, өнөр жай үлгүлөрү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө мыйзамдар боюнча Туруктуу комитеттин 23-сессиясы Женевада
Жарыяланган күнү : 
01/04/2010

2010-жылдын 19-апрелинен 22-апрелине чейин Женева ш. (Швейцария) Товардык белгилер, өнөр жай үлгүлөрү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө мыйзамдар боюнча Туруктуу комитеттин 23-сессиясы болот.

Катчылык тарабынан даярдалган алдын ала күн тартибине ылайык, Туруктуу комитет өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө мыйзам менен ушул мыйзамды практикада ишке ашыруунун ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу жөнүндө маселелерди карайт, ал эми товардык белгилер жөнүндө мыйзамдар боюнча болсо, сертификатталган жана жамааттык белгилерди каттоого тиешелүү техникалык жана жол-жобо аспектилери, белгилердин бардык түрлөрүн каттоодон баш тартуу үчүн негиздер, ошондой эле мамлекеттердин аталыштарын коргоо жана башка маселелер талкууланат.

Комитеттин ишине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматынын Экспертиза башкармалыгынын начальниги Абдыкалил Токоев катышат.